Төкмөчүлүк өнөрү

Википедия дан

Төкмөчүлүк өнөрү — алдын-ала даярдыксыз ар кандай көрүнүштөр жөнүндө оозеки ырдоо өнөрү. Төкмөчүлүк кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгынын бүткүл улуу мурасын жараткан. Бул өнөр ырчынын турмушту аңдап билүүсүнүн тереңдиги, ой жүгүртүү чабытынын, сөз байлыгынын ченемсиз кеңдиги, рухий толкундануусунун бийиктиги менен тыгыз байланышканда гана кеңири белгилүү чыгармалар жаралат. Төкмө акындар адетте, бир ырдаган ырын кийин кайра ырдаганда бир топ өзгөртүп ийишет, анткени ал эки учурда эки түрдүү абалда болот, ар кыл сөздөрдү, уйкаштыктарды тандайт. Төкмөчүлүктө психологиялык абалдын мааниси чоң. Көп төкмөлөр (Токтогул, Калык, Алымкул, Осмонкул, Токтоналы, Ысмайыл) комуздун коштоосу менен ырдашса, айрымдары (Барпы көпчүлүк учурда) комуздун коштоосуз эле ырдаган. Төкмөчүлүк анчалык бийик даражада болбосо да, азыр айрым акындардын (Э. Турсуналиев, Т. Абдиев, 3. Үсөнбаев) чыгармачылыгында жашап келе жатат. Ошондой эле жазма адабияттын айрым өкүлдөрү да (Б. Сарногоевдин айрым чыгармалары) кээде төкмө өнөрүнүн үлгүсүндө жаралып жатканын байкоого болот. Дүйнөлүк адабияттын тарыхында поляк акыны А. Мицкевич да импровизатор төкмөчүлүк катары көп ырларды жазган.

Токмо акындардын негизги темасы эмне эле

Атактуу өкүлдөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]