Төлгө

Төлгө — төлгө ачуу. Төлгө салуу деп дагы айтыла берет. Айлана-чөйрөнү, жаратылышты, адамдардын кулк-мүнөзүн билүү менен, кандайдыр бир буюмдардын, кубулуштардын жана башка белгилердин жардамы аркылуу алдыда боло турган окуяны,анын мүнөзүн алдын ала чечмелеп берүү. Төлгө көбүнчө кырк бир таш, койдун далысы, ашыгы жана башка буюмдар менен, жылдыздардын асмандагы жайгашуусуна карай ачылат.
Төлгөчүлөр кырыз фольклорунда кеңири кезигет. "Манас" эпосунда Манас баатырдын бир чоросу — Кара Төлөк төлгө ачып берип турат. Төлгө салуунун элдик фолклордогу эң кеңири таанымал мисалы - бул Каныкейдин Тайторуну төлгө кылып чапканы. Манастын уулу Семетей 12 жашка толгондо энеси Каныкей атасы Манастай болоор бекен деген үмүт менен Тайторуну ат чабышка кошот. Эгерде Тайтору жеңсе Семетей атасындай эр болот дегени же төлгөнүн төп түшкөнү. Эпостун бул эпизоду аудио, видеого С. Каралаевдин айтуусунда жазылып калган жана манасчынын эң бир мыкты аткарган окуясы катары эсептелет.
Төлгө салуу – кандайдыр бир нерселерге тез ишенүүчү адамдар тарабынан өткөн окуяларды же боло турган иштерди алдын-ала билүү үчүн төлгөчүлөргө кайрылуу. Мисалы, таш менен төлгө тартуу, жылдыздар, асман телолору аркылуу эсептөө, далыны окуу, карта жана кофе тунмасы менен төлгө ачуу ж. б. Ошондой эле бал ачуунун кеңири тараган формасы – адамдын алаканындагы чиймелер аркылуу келечегин айтуу исткусствосу эсептелет (кара, Хиромантия).
Төлгөсү төп түшүү — айтылган тилек менен тартылган төлгөнүн туура, ачык чыгышы.
Тарых
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Байыркы заман
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Азыркы Албаниянын аймагындагы Иллириянын түштүгүндө жайгашкан Нимфейдеги түбөлүктүү от оракул катары да кызмат кылган. Оттун өзгөчө физикалык касиеттери менен бул жаратылыш ыйык жайында жүргүзүлгөн төлгө ачуунун түрлөрү байыркы грек жана рим авторлоруна кеңири белгилүү болгон. Сива оазисиндеги Амон оракулу Египетти Персиядан басып алган соң 332-жылы Александр Македонский аны зыярат кылганда белгилүү болгон.[1][2]
Оракулдар жана грек төлгө ачуулары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Көөнө Грецияда оракулдар жана аянчылар төлгө ачуу менен алектенишкен[3][4][5]. Оракулдар жердеги кудайлардын өкүлү болуп эсептелген; алардын пайгамбарлыктары кудайлардын эрки деп эсептелген. Оракулдардын кеңешине болгон чоң суроо-талапка жана чектелген иш графикке байланыштуу, алар байыркы гректер үчүн төлгө ачуунун негизги булагы боло алышкан эмес. Бул роль аянчыларга (грекче μάντεις) берилген[6].
Аянчылар кудайлар менен түз байланышкан эмес; тескерисинче, алар кудайлар жөнөткөн белгилердин чечмелөөчүлөрү болушкан. Аянчылар кудайлардын эркин чечмелөө үчүн көптөгөн ыкмаларды колдонушкан, анын ичинде экстатикалык созерцание, канаттуулар аркылуу төлгө ачуу ж.б. Алар оракуларга караганда көп болгон жана чектелген графикке карманышкан эмес; ошондуктан аларды Делфи же башка алыскы жерлерге бара алган адамдар гана эмес, бардык гректер жогору баалашкан.
Орто кылымдар жана эрте жаңы доор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жеребе аркылуу төлгө ачуу (клиромантия) ыкмасы Иса пайгамбардын калган он бир шакирти тарабынан Деяниеде 1:23–26 айтылгандай, Иуда Искариотту алмаштыруу үчүн колдонулган[7][8]. Ошентип, төлгө ачуу баштапкы чиркөөдө жалпы кабыл алынган тажрыйба болушу мүмкүн. Бирок Римдер империясындагы христиан императорлор төлгө ачууну бутпарас тажрыйба деп эсептешкен.
692-жылы Квинсекттик собор, ошондой эле “Трулло собору” катары белгилүү болгон, православдык чиркөөдө бутпарас ырым-жырымдарды жана төлгө ачууларды жок кылууга багытталган эрежелерди кабыл алган. Төлгө ачуулар жана келечекти алдын ала айтуунун башка түрлөрү орто кылымдарда кеңири таралган[9][10]. 1572-жылдагы конституцияда жана 1661-жылдагы Саксония курфюрштугунун коомдук эрежелеринде келечекти алдын ала айткандары үчүн өлүм жазасын караган.
Төлгө саалуунун түрлөрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Далы кароо. Койдун эти бышып, желгенден кийин, таза мүлжүнгөн далысын алып отко кактайт. Сөөк ысыганда пайда болгон элестерди төлгөчү (бакшы) чечмелеп болочок окуялардан кабар берет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Oracle of Ammon. www.livius.org. Текшерилген күнү 16 -январь (үчтүн айы) 2025.
- ↑ Macedonian and Ptolemaic Egypt (332–30 bce). www.britannica.com. Текшерилген күнү 16 -январь (үчтүн айы) 2025.
- ↑ Ancient Greek Divination. Blackwell Ancient Religions. bmcr.brynmawr.edu. Текшерилген күнү 16 -январь (үчтүн айы) 2025.
- ↑ The Role of Soothsayers in History. predictionheroes.com. Текшерилген күнү 16 -январь (үчтүн айы) 2025.
- ↑ Religious Practices in Ancient Greece: An In-Depth Exploration. civilizationchronicles.com. Текшерилген күнү 16 -январь (үчтүн айы) 2025.
- ↑ The Seer in Ancient Greece. classics.princeton.edu. Текшерилген күнү 16 -январь (үчтүн айы) 2025.
- ↑ Is it Biblical to make decisions by casting lots?. bibleask.org. Текшерилген күнү 16 -январь (үчтүн айы) 2025.
- ↑ The Eleven Disciples. biblehub.com. Текшерилген күнү 16 -январь (үчтүн айы) 2025.
- ↑ Our Ancestors Used Crazy Divination To Predict The Future. readmedium.com. Текшерилген күнү 16 -январь (үчтүн айы) 2025.
- ↑ Middle-Ages Science. explorable.com. Текшерилген күнү 16 -январь (үчтүн айы) 2025.