Төлгөчү

Википедия дан

Төлгөчү — төлгө тартуучу адам. Т. айлана-чөйрөнү, жаратылышты, адамдардын кулк-мүнөзүн айрыкча билген, кандайдыр бир буюмдардын кубулуштарын жана башкалар белгилердин жардамы аркылуу алдыда боло турган окуяны, анын мүнөзүн алдын-ала чечмелеп берүүчү адам. Т-лөр эркектен да, аялдан да чыккан. Кыргыз элинин турмушунда болуп келген Тлөр фольклордук чыгармаларда да кеңири орун алган. "Манас" эпосунда Т. Төлөк, Агыдай жөнүндө төмөндөгүдөй ыр саптары бар: "Төлгө билген Төлгөчү Кыжылдап кырк миң кол менен Кыраан эрге жөнөдү" (Сагымбай Орозбаков, 2. 31). "Агыдай далы көрүүчү, Ар кандай келер жумушун, Ашкере айтып берүүчү" (Сагымбай Орозбаков, 3. 175). Алар элдин турмуш-тиричилигинде, согуштук саясий окуяларда белгилүү роль ойношкон жана кандардын, бектердин кеңешчилеринин милдетин аткара алышкан. Т-лөр көбүнчө кырк бир таш, койдун далысын, ашыгын жана башкалар буюмдар менен, жылдыздардын асмандагы жайгашуусуна карай төлгө ачышкан. Адатта, Т-лөр жортуул алдында төлгө тартышкан, адам, мал жоголгондо жана башкалар турмуштук кырдаалда төлгө салышкан. Төлгө, Т-лүк аң-сезимдин төмөн баскычында пайда болуп, бакшылык жана башкалар идеологиялык түшүнүктөр менен тыгыз байланышта келип чыккан. Ал эми Т-нүн кыймыл-аракеттери аңчылыкка, мергенчиликке, жортуулга чыгуу алдындагы ритуалдар менен байланышта болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4