Төлөбай уулу Чыныбай

Википедия дан

ЧЫНЫКЕ Төлөбай уулу, Ч ы н ы к е б и л г и р (1788, Талас өрөөнү, Арал айылы – 1874, ошол эле жерде) – мамлекеттик ишмер, бий. 19-к-дын 2-жарымында кыргыз коомунун саясий түзүлүшүнүн демократиялык мүнөздөгү «уруу бийлеринин конфедерациясынын» доорунда жашаган. Ал Таластын элине зиректиги, чечендиги, билгирлиги ж-а чечкиндүүлүгү м-н таанылып, «Чыныке билгир» деген атка конгон. Ал бий болуп турган учурунда казак-кыргыздын ортосундагы доолорду, уруулар арасындагы жер талаш чатактарда, башка социалдык мү-нөздөгү маселелерди калыстык м-н чечип турган. Түркстан генерал-губернаторлугуна караштуу жергиликтүү элдин өкүлдөрүнөн түзүлгөн орус сенатынын, Олуяата уездинин эл аралык мамилелер б-ча жыйынынын мүчөсү болгон. Урпактары Карасуу айылында Ч-ге арнап күмбөз тургузушкан (1993).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б,2003