Төлөгөн Томотоев

Википедия дан

Томотоев Төлөгөн (1942-ж. т.,Ат-башы району,Казыбек айылы) - дирижёр, Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1991). Кыргыз Республикасынын эл артисти (2010).

  • 1961-ж. М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын, 1972-ж. Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтун, 1985-ж. Москва Чоң театрындагы дирижёрлук жогорку курсту бүткөн.
  • 1969-76-ж. Кыргыз филармониясынын К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде музыкант, комузчулар ансамблинин жетекчиси, дирижёр,
  • 1976-86-ж. А. Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрында дирижёр,
  • 1986-95-ж. К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру,
  • 1995-жылдан опера жана балет театрында дирижёр, бир эле мезгилде Улуттук консерваториянын доценти.

«Айчүрөк», «Аршин мал алан»,«Бойдоктор», «Аста-секин, колукту», «Травиата», «Риголетто», «Дон Кар-лос», «Манас» өңдүү операларга, «Ажал ордуна» музыкалык драмасына дирижёрлук кылган.

«Жомоктон кийин», «Мальчиш-Кибальчиш» ж. б. балеттерди дирижёр-коюучу катары көрүүчүлөргө тартуулаган. Ондогон күүлөрдү ырларды оркестрлештирген.

Томотоев өзү күүлөрдүн жана обондордун автору. А. Малдыбаев атындагы сыйл., Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыктын лауреаты. Дирижёр жана комузчу-аткаруучу катары Франция, Монголия, Япония, Швеция, Пакистан, Кытай ж. б. мамлекеттерде гастролдо болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.