Төлөм тутуму

Википедия дан

Төлөм тутуму – кредиттик-каржы мекемелеринин ортосунда накталай эмес эсеп-кысаптарды жүргүзүү жана карыз милдеттенмелерин жөнгө салуу үчүн колдонула турган технологиялар менен жарак-жабдыктардын өзара байланыштуу тутуму. Төлөм кызматтарын көрсөтүүчү мекемелер (КРУБ ж. б. мекемелер) жана иш кошундулары (клиринг тутуму, гросс тутуму ж. б.), төлөм жарак-жабдыктары төлөм тутумунун бирдиктүү кошундусу болуп саналат.

Төлөм системасы :

1)    Банктар аралык төлөм системалары - банктардын ортосундагы жана эсептери ар түрдүү банктарда ачылган банктардын кардарларынын ортосундагы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн арналган.

2)    Банктык ички төлөм системалары - эсептери бир эле банкта ачылган кардарлардын ортосундагы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн арналган. Банктык ички төлөм системалары боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү кардар менен банктын ортосундагы келишимдерде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]