Төрт бурчтук

Википедия дан

Төрт бурчтук - төрт чокуга ээ болгон көп бурчтук, б. а. төрт звенодон турган, туюк сынык сызык менен чектелген тегиздиктин бөлүгү.

Томпок жана томпок эмес Төрт бурчтуктар бар. Төрт бурчтукка квадрат, ромб, тик бурчтук, трапеция, ромбоид жана жалпы түрдөгү Төрт бурчтук кирет. Жалпы түрдөгү Төрт бурчтуктун аянты аны эки үч бурчтукка бөлүү аркылуу табылат. Карама-каршы бурчтарынын суммасы барабар болгон ар кандай томпок Төрт бурчтуктун (тең жактуу трапеция, квадрат, тик бурчтук) сыртынан айлана сызууга болот. Эгерде Төрт бурчтуктун карама-каршы жактарынын суммасы барабар болсо, анда мындай Төрт бурчтуктун (ромб, квадрат ж. б.) ичинен айлана сызууга болот.

Жалпы түрдөгү ичтен сызылган Төрт бурчтуктун аянты: S= ,](р - а){р - Ь)(р - с)(р - d) abcdcos2a, мында a, b, с, d - жактарынын узундуктары, р - жарым периметр, a - карама-каршы жаткан бурчтардын жарым суммасы. Каалагандай Төрт бурчтуктун аянтына төмөнкү формула туура келет: S= - d^-sina, мында a-d1 жана d2 - диагоналдарынын арасындагы бурч.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4