Төрөбөстүккө каршы ырым-жырымдар

Википедия дан

Төрөбөстүккө каршы ырым-жырымдар - кыргыз аялдары барган «дарылануунун» бардык жолдорунан жана ыкмаларынан терең архаизмдер байкалат. Туубастыктан дарылануунун эң көп колдонулган жолдорунун бири «көчөт көчүртүү». Көптөн бери төрөбөгөн аял ал үчүн жасалган жети куурчакты жети үйдөн чогулткан. Ал бул куурчактарды жоолукка ороп, аны колтугуна кысып, бүбү кемпирди чакырган. Мууздалган койдун терисин туюк сыйрып алып, ачык мойнун жана бучкактарын тигип салганда чанач болуп калган. Этти бышырып баардык сөөктөрдөн этин ажыратып алып, сөөктөрүн чаначка салышкан. Аны куурчактар менен кошо аял менен бүбү-кемпир жолдун кайчылашына алып барып, ал жерге чаначты калтырып, куурчактардын баарын чачышып, артын карабастан үйлөрүнө кайтышкан. Мында «балакет-салакет ушуну менен кетсин» деп айтышкан.

Жаш балага жентек бергенде, ага төрөбөгөн аял барып калса, башка аялдар аны менен учурашпаган, сөз менен чычалатышкан, ардантышкан. Ардануудан аял төрөйт деп ишенишкен. Кошумчалай кетчү нерсе, келин касиеттүү, ыйык деп эсептелген жерге зыярат кылган соң, боюна бүтүп төрөсө, кийин баланын карын чачы алынган убакта төбөсүнө бир тутам чач калтырып коюлган да, кийин аны ошол ыйык жерге барып алдырып келишкен. Балдардын андай чачтарын алдырганда төрөбөс аялдар перзент көрөйүн деп чачты ырымдап сатып алышкан.

Кандайдыр бир өзгөчө касиети бар бир нерсени түздөн түз кабыл алса, тагыраак айтканда, андан ооз тийсе да келин өзүнүн төрөбөстүк дартынан айыга алат деген ишеним күчтүү болгон. Андай касиетке сүннөткө отургузган баланын эркектик белгисинин кесиндиси ээ делген. Аны жеген төрөбөс келиндер менен жалаң кыз төрөгөн аялдар өздөрүнүн тилегинин аткарылышына ишеним артышкан. Ошол эле максатта ташбаканын жумурткасын да жедирген. Айрым ырымдарды жасагандан кийин, андай касиетке кадимки, күндө эле жасалып жүргөн тамактар да ээ болушу мүмкүн деп эсептелген. Алсак, төрөбөс келин көп балалуу аялга атайын тамак жасап барып: «Муну оозуңузга салып, кайра кайтарып бериңиз» деп суранган. Эгер бала-чакалуу аял ошентип кайтарып берип, аны төрөбөс келин жеп алса, ал да төрөйт деген ишеним болгон. Бирок мындай ырым аткарылган соң көп балалуу аялдын кийинки төрөгөн балдары токтобой калат дешип, төрөбөс келиндин өтүнүчүн аткарууга бардык эле аялдар макул боло берген эмес. Ошондон улам келин да мындан ары төрөбөөнү чечкен аялдарга, же өзүнүн жакын, кыйбас туугандарына гана кайрылган. Туугандары да келиндин андай кырсыгынан арылтуу үчүн көптөп көмөктөшүп, ал тургай өздөрүнүн балдарынын бирин берүүгө чейинки чараларды жасашкан. Себеби төрөбөс аял ырымдап туугандарынын баласын багып алса, артынан бала ээрчитип келет деген. Эгер ошондон кийин ырас эле келиндин боюна бүтүп, перзент көрсө, асырап алган баланы ак жолтой эсептеп, аны өзүнүн баласынан кем көргөн эмес.

Көп балалуу аял төрөбөс келинге кандайдыр бир өзгөчө сапаты бардай сезилип, анын мындай касиетин өзүнө жуктуруп алууга аракеттенген. Төрөгөн аялдын жаткан төшөгүнө төрөбөс келиндин жатып, оонаган ырымдын маанисин дал ошол себеп менен гана түшүндүрүүгө болот. Ошол эле ой менен этегинен жалгабаган аял очор бачар болуп калган зайыптын ыштанын сурап алып: «Болду, сиз эми токтоңуз »,-дейт. Бала –чакалуу аял өзү да: «Мындан кийинки балдарымды сага бердим», -деп ыраазылыгын билдирет. Төрөбөс келин ошол эле жерден сурап алган ыштанды кийип алат. Кээде ал ыштанды уурдап алышкан.

Маалымат булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мурзакметов Абдымиталип Камыт уулу.«Кыргыз ырым жырымдары», 1-китеп. Ош, 2005, 35-бет.