Төө чечмей

Википедия дан

Төө чечмей - кыргыздардын байыркы оюну.

Чоң аш-тойлордо тойдун же аштын ээси төөгө кымбат баалуу ичик-тон, чепкен жаап же баалуу буюм кечектер салынган куржун асып, тегерете отурган элдин так ортосунан бир жерди кары бою казып, чуңкурдун түбүнө казык кагышып, баягы төөнүн буйласын казыкка байлап коёт. Ал төөнүн жанына жабуусу бар атты да кошо байлайт.

Оюндун тартиби боюнча төөнү чечип алууга кийими жок, дырдай жылаңач аял чыгууга тийиш. Ал төөнүн буйласын ородон эңкейип чечип алам деп аракеттенгенде, төөнүн жанындагы атты чечип алмакка келген жылаңач киши (көбүнчө таз) аны омуроолоп, чечтирбей тоскоолдук кылат. Болгон тоскоолдуктарга карабай, шамдагайлык менен төөнү чечип алса олжо ошонуку болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.