Убакытты эсептөө

Википедия дан

Убакытты эсептөө – мезгилдүү процесстер менен байланышкан.

Күндөлүк турмушта колдонулуучу У. э. системасы күн суткасына негизделген, ал эми ага тиешелүү убакыт бирдиги – күн убактысынын секундасы орточо күн суткасынын 1/86400 бөлүгүн түзөт (бир жылда 365,2422 орточо күн суткасы бар). Чыныгы күн суткаларынын узактыгы жыл ичинде 50 сга өзгөрүп турат. Буга себеп – Жердин орбиталык кыймылынын бир калыпта эместиги жана Жердин огунун орбита тегиздиги менен түзгөн бурчунун өзгөрүп турушу. Эл аралык макулдашуу боюнча Жердин бети 24 сааттык алкакка бөлүнгөн. Ар бир алкак убакты өзүнчө эсептелет, ал коңшу алкактын убактысынан 1 саатка айырмаланат жана убакытты эсептөө Гринвич обсерваториясынан (Улуубритания) өткөн меридиандан башталат.

Гринвич убактысы бүткүл дүйнөлүк убакыт, ал эми берилген алкактагы убакыт – граждандык убакыт деп аталат. Мис., Москва экинчи, Бишкек бешинчи алкакта жайгашкан. Бишкекте саат 1100 болгондо, Москвада 800 болот. Кээ бир өлкөлөрдө, алардын катарында Кыргызстанда, электр энергиясын үнөмдөө максатында «жайкы убакыт» киргизилет (март айынын акыркы жекшембисинде бардык сааттар 1 саатка алга жылдырылат жана окт. айынын акыркы жекшембисинде кайрадан 1 саатка артка жылдырылат).

Күндүн көзгө көрүнгөн өлчөмү чоң, о. эле Күн нурданткан жарыктын жана жылуулуктун агымы да чоң, ошондуктан Күн боюнча убакытты эсептөө ыңгайсыз жана так эмес. Ушул себептүү XX к. жарымына чейин убакыт жылдыздарга карата эсептелип келген. Жылдыз суткасынын узактыгы күн суткасынын узактыгынан болжол менен 4 мүнөткө кыска.

Суткадан кичине У. э-дө астрономиялык саат колдонулат. Анын жүрүшү вакуумда термелүүчү, узундугу 1 мдей, массасы 10–12 кг болгон, атайын асмага илинген маятниктин жардамында аныкталат. Жогорку тактыкты (салыштырма каталык 10-8) камсыздоо үчүн маятник дирилдөөлөрдөн, тышкы таасирлерден корголгон. У. э-нүн жогорку тактыгын кварц сааты камсыз кылат. Ал 1 жылда 10-9секга гана жаңылышы мүмкүн. Кварц сааты Жердин суткалык айланышынын бир калыпта эместигин аныктоого мүмкүндүк берди. Күндүн жана Айдын тартуу таасиринен пайда болуучу океандардагы ташкындар жана жер кыртышынын деформациясы жердин суткалык айлануу мезгилин 100 жылда 0,001 секга узартат.

1960-ж. чен жана салмак боюнча Генералдык конференцияда секунданын узактыгы тропикалык жылдын 1/31556925,9747 бөлүгүнө барабар деп кабыл алынган.

Макроскоптук нерселер убакыттын абсолюттук сактагычтары боло албайт. Себеби алар өтө көп сандаган атомдордун системалары болуп саналышат, ошондуктан алардагы болгон өзгөрүштөрдү көзөмөлдөө өтө кыйын.

Убакыттын жаңы бирдигин тандоодо квант электроникасы жардам берди. 1967-ж. чен жана салмак боюнча Генералдык конференция атомдук секунданы кабыл алды. Ага ылайык секунда – цезий-133 элементинин атому өзүнүн негизги абалынын эки өтө ичке деңгээлдеринин биринен экинчисине өтүүсүнө туура келүүчү нурдануунун 9192631770 мезгилине барабар болгон убакыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]