Ubuntu

Википедия дан
Убунту‎»‎ барагынан багытталды)
Ubuntu

Ubuntu 18.04 "Bionic Beaver"
Иштеп чыгуучу Canonical Ltd., Ubuntu жамааты
ОС бүлөсү Linux
Иштөө абалы Азыркы
Баштапкы код модели Ачык баштапкы код (айрым өзгөчөлүктөр менен)
Биринчи чыгарылышы 20-октябрь 2004-ж; 19 жыл мурун (2004-10-20)
Акыркы стабилдүү чыгарылышы Ubuntu 18.04 LTS/ 26-апрель 2018-ж; 5 жыл мурун (2018-04-26)
Акыркы сыноодогу чыгарылышы Ubuntu 18.04 LTS Beta 2/ 6-апрель 2018-ж; 5 жыл мурун (2018-04-06)
Базардык багыты Персоналдык компьютерлер, серверлер, булутта эсептөө, буюмдар интернети
Тилдердин саны 55 тилден көп
Жаңыртуу методу APT (Software Updater, GNOME Software)
Пакет тейлегичи dpkg, Snappy
Платформалар I386, IA-32, AMD64; ARMhf (ARMv7 + VFPv3-D16), ARM64; Power, ppc64le; s390x
Өзөк түрү Монолиттик (Linux)
Колдонуучунун мейкиндиги GNU
Колдонуучу интерфейси GNOME, Ubuntu Unity (11.04-17.04)
Лицензиясы Эркин программалык камсыздоо лицензиялары
(негизинен GPL)
Сайты ubuntu.com

Ubuntu ([ʊbʊntuː]; зулу тилинен алынган, "адамзат" деген мааниге келет; "Убунту") — Debian GNU / Linux-ка негизделген операциялык система. Негизги иштеп чыгуучусу жана демөөрчүсү Canonical компаниясы болуп саналат. Долбоор азыр эркин коомчулук тарабынан колдоого алынып, өнүктүрүлүп жатат.

Жалпы маалыматтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Canonical-дын белгилешинче, Ubuntu'ну болжол менен 20 миллион киши колдонот. Ubuntu веб-серверлер үчүн Linux'тун дистрибутивдеринин эң популярдууларынын арасында 1-орунда турат. DistroWatch.com сайтына баш баккан колдонуучуларынын саны боюнча (2016-жылдын апрель айында) 3-орунда турат.

Адатта дистрибутивдин жаңы версиялары жарым жыл сайын чыгып, 9 ай бою коопсуздук жаңылануулары менен колдоого алынып турат (13.04 версиясынан тарта, буга чейин колдоо бир жарым жыл созула турган).

Эки жылда бир чыккан LTS версиялары мейли сервердик мейли десктоп варианттары болсун 5 жыл колдоого алынат. (12,04 LTS версиясына чейин десктоп LTS версияларды колдооо мөөнөтү 3 жыл боло турган) Ubuntu бүлөсүнүн башка LTS дистрибутивдерин толук колдоо 3 жылды, системанын негизин (ядро, Xorg жана башка компоненттерин) колдоо болсо, 5 жылды түзөт.

Ubuntu сервер жана иш станциялары үчүн делген программалык камсыздоо жыйнагы менен жеткирилет. Ал жеке үстөл компүтерлерине LiveCD (Desktop версиясы), LiveUSB же тексттик орноткучтун (Alternate версиясы Ubuntu 12.04.2 версиясына чейин жараган) жардамы менен орнотулат. Графикалык гана эмес, тексттик режимде да орнотуу, системаны кайра калыбына келтирүү режиминде жүктөө, толук чектөө мүмкүнчүлүктөрү жана дисктеги көп сандаган пакетин эске алганда LiveDVD версиясынын бир топ артыкчылыктары бар. i386, AMD64, ARM сыяктуу расмий колдоого алынган архитектуралар үчүн версиялар бар. Мындан тышкары, 2013-жылдан баштап, ARM жана x86 архитектураларындагы смартфондор үчүн атайын Ubuntu версиясын иштеп чыгуу башталган.

Өзгөчөлүктөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ubuntu ыңгайлуу жана жөнөкөй колдонулган система болууга багытталган. Анда sudo утилитасы кеңири колдонулат. Бул утилита колдонуучуга потенциалдык кооптуу суперколдонуучу сессиясын ишке киргизбестен администратордук иштерди аткарууга мүмкүндүк берет.

Релиздери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Currently supported releases
версиясы код аты релиз датасы чейин жалпы колдоо чейин коопсуздук колдоо (ESM).
22.04 LTS Jammy Jellyfish 2022-04-21 2027-04 Жок
21.10 Impish Indri 2021-10-14 2022-07 Жок
21.04 Hirsute Hippo 2021-04-22 2022-01 Жок
20.04 LTS Focal Fossa 2020-04-23 2025-04 2030-04
18.04 LTS Bionic Beaver 2018-04-26 2023-04 2028-04
16.04 LTS Xenial Xerus 2016-04-21 2021-04 2026-04
14.04 LTS Trusty Tahr 2014-04-17 2019-04 2024-04

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сырткы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]