GNOME

Википедия дан

GNOME (айтылышы /ɡnoʊm/ же /ˈnoʊm/, гноум) — Linux менен көптөгөн BSD туундуларында иштеген, эркин жана ачык булак программалык камсыздоосунан жазылган иш такта чөйрөсү.

GNOME башында GNU Network Object Model Environment (GNU тармактык объект модел чөйрөсү) акроними болгон, бирок GNOME долбоорунун алдыга койгон максаттарын чагылдырбай калгандыктан улам бул акроним колдонулбай калган.

Ал GNOME долбоору тарабынан иштелип чыккан. Долбоор ыктыярчылардан дагы, акы төлөнгөн кызматкерлерден дагы турган. Ал эми эң ири корпорациялык салым кошуучусу Red Hat болгон. Ал эл аралык долбоор. Максаты — программалык камсыздоону иштеп чыгуу боюнча программа чектерин иштеп чыгуу, акыркы керектөөчүнүн колдонмолорун программалоо, ошондой эле программалык камсыздоону интернационалдаштыруу, локалдаштыруу жана жеткиликтүү кылуу аракеттерин координациялоо.

GNOME GNU долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Compu-stub