Уве аттуу адам

Википедия дан

"Уве аттуу адам" (англ. A Man Called Ove, орус. Вторая жизнь Уве) (шведче: En man som heter Ove, pronounced [ˈuːvɛ]) - 2015-жылы, 25-декабрда Швециядагы кинотетрларда көрсөтүүгө берилген швециялык комедиялуу драма. Ханнес Холм тасманын сценарийин жазып жана тарткан. Ал эми окуя Фредерик Бекмендин 2012-жылы жазган ошол эле аталыштагы китебине негизделген. Рольф Лассгерд тасмадагы баш каарман Увенин ролун аткарган. Тасма алты наамга көрсөтүлүп, 2016-жылы "Guldbagge" наамынын эки сыйлыгын утуп алган. Ал "Чет тилдеги мыкты тасма" жана "Мыкты грим жана чач жасалгалоо" категорияларында 89-"Оскар" сыйлыгынын наамдарына көрсөтүлгөн.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кабыл алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тасмага "Rotten Tomatoes" 92 упай жана "Metacritic" 69 упай берүүсү менен негизинен жакшы сын-пикирлерге арзыган. "Washington Post", "Chicago Tribune" жана "Rogerebert.com" да жакшы пикирлерди берген. Сынчылар тасманын кээ бир жактары "Ыйык Винсент" жана "Гран Ториного" окшош болсо да, "Уве аттуу адам" көрүүчүлөрдүн көзүнөн жаш агызган жана мыкты тартылган тасма деп белгилешкен.

Тасма 2016-жылдан кийин Швецияда эң көп көрүлгөн тасмалардын арасында үчүнчү орунду ээлеген.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]