Удаалаш Порттор(USB)

Википедия дан

Удаалаш порттор - (англисче аталышы - Sequence port, орусча аталышы - Последовательный порт, ансамбылдын коштосунда) удаалаш порттор бир учурда бир бит берилишти жибере алат. Чычкан, баскычтоп тактасы жана модем тибиндеги түзүлүштөрдү туташтырууда удаалаш порттор колдонулат. Удаалаш порттордун атайын тиби сандык интерфейстеги музыкалык аспап же MIDI (Musical Instrument Digital Interface) деп аталган порт электрондук музыкалык баскычтоп такта тибиндеги музыкалык түзүлүштөрдү бириктирүүдө колдонулат. Удаалаш порттордо электр тоскоолдуктары аз болгондуктан узундугу 1000 футка чейинки байланыштыруучу кабелдер колдонулат, мына ушул жагы параллел порттордон салыштырмалуу артыкчылыгын билдирет. Акыркы жаңы технологиясы негизделип жасалган универсалдуу удаалаш портко (USB) 128ге чейин түзүлүш туташтырууга болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • У.Бримкулов Archived 2016-06-02 at the Wayback Machine, А.Өмүралиев, В.Бабак "Компьтер жана интернет". Энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. БИШКЕК - 2004.