Удайчы
Удайчы — канды (акимди төрөнү) ээрчип жүрүүчү жоокер, анын буйругун аткаруучу жан-жөкөрү. Эпосто: "Үйүнө бирин койбоңор, Удайчы менен датка деп" (Сагымбай Орозбаков, 2. 369) мансап ээлеринин катарында эскерилет.
Удайчы — "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Каныкейдин нөкөрү. Чынайткандын атасы экени гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 418).
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4