Удегейлер

Википедия дан

Удегейлер (өздөрүн удээ, удэхэ, удихэ дешет) - РФтеги эл. Хабаровск, Приморск, Камчатка крайларында, Сахалин, Еврей автономиялык облусунда жана Украинада да жашашат.

Жалпы саны 1700 киши (2002). Удэгей жана орус тилдеринде сүйлөшөт. Дини - анимизм, шаманизм. Удегейлер табияттын кубулуштарына жана айбанаттарга сыйынышкан. Удегейлердин түндүк тобунун этногенезине палеоазиаттык айрым элементтер, түштүк тобуна байыркы корейлер, бохайлар, түрктөр, тунгустар, манжурлар катышкан. Удегейлер анюй, хунгар, хор, самаргин, бикин, терней ж. б. субэтностук топко бөлүнөт. Удегейлер жөнүндө алгачкы жолу Кытай тарыхый булактарында (Цзинь империясынын тарыхы»,1345) эскерилген.

Удегейлер нанайлар жана эвенктер, өзгөчө орочтор менен тыгыз мамиледе болгон. 19-кылымдын аягына чейин орус окумуштуулары Удегейлер менен орочторду бөлбөстөн, бир эл деп эсептеп келишкен. Совет доорунун мезгилинде Удегейлер өлкөнүн толук укуктуу жараны болуп, сабаттуулугу жоюлуп, интеллигенция пайда болгон. Салттуу кийимдери - кимоно, ыштан, балык терисинен чапан, аялдары эвенк үлгүсүндөгү узун алжапкыч кийип, кооздуктарды тагынышат. Тамак-ашы - балык эти, балык майы жана жашылчалар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4