Уезд

Википедия дан

Уезд - Россия империясы жана 1925-ж. чейин СССРдеги адм.-айм. бирдик.

Уезд бир нече болуштуктарга бөлүнүп, башында уезд башчысы (начальник) турган. Түндүк Кыргызстандын Россия империясына каратылышы менен алгач Жети-Суу облусуна караштуу Ысык-Көл жана Токмок Уезддери уюшулган (1867). Кокон хандыгынын жоюлушу (1876) менен Түштүк Кыргызстанда Кокон, Маргалан, Анжиян, Наманган, Ош (Фергана обл.), Хожент (Самарканд обл.) Олуя-Ата (Сыр-Дарыя обл.) Уезддери түзүлгөн (к. Кыргызстандын падышачылык мезгилдеги администрациялык бөлунүшу). 1923-29-ж. У-дер жоюлуп, кийинчерээк алардын ордуна райондор түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4