Уиз Халифа

Википедия дан

Кэмерон Жибриль Томаз (англ. Cameron Jibril Thomaz; 1987-жылы 8-сентябрь) - Wiz Khalifa сахналык аты менен таанымал болгон америкалык рэппер, ыр жазуучу жана актер. 2006-жылы Show and Prove алгачкы альбомун жаздырыган, 2007-жылы Warner Bros. Records менен келишимге кол койгон. Анын евродэнс жанрындагы "Say Yeah" (кырг. "Ооба де") сингли шаар радиосунан берилип, 2008-жылы Rhythmic Top 40 жана Hot Rap Tracks чарттарына кирген.

2009-жылдын ноябрында Халифа Warner Bros. менен бирге Deal or No Deal (кырг. Чечкиндүү болбогон келишим) экинчи альбомун жаздырган. 2010-жылдын апрелинде ал акысыз жүктөлгөн Kush and Orange Juice (кырг. Куш менен апельсин ширеси) микстейпин чыгарган, кийинчирээк Atlantic Records менен келишимге кол койгон. Ошондой эле Халифа Atlantic менен бирге жаздырган алгачкы "Black and Yellow" (кырг. "Кара менен сары") сингли менен таанымал, сингл Billboard Hot 100 чартында биринчи орунду алган. Ал эми 2011-жылдын 29-мартта Rolling Papers (кырг. Оролгон кагаздар) алгачкы альбому жарыкка чыгат. Андан кийин 2012-жылдын 4-декабрында, "Work Hard, Play Hard" (кырг. "Тырышып иштеп, тырышып ойно") жана "Remember You" (кырг. "Эсимдесиң") синглдери менен коштолгон O.N.I.F.C. альбому жарыкка чыгат. 2014-жылдын 18-августта Уиз, "We Dem Boyz" (кырг. "Заманбап балдарбыз") сингли менен коштолгон Blacc Hollywood аталышындагы тортүнчү альбомун чыгарат. 2015-жылдын мартында, "Форсаж-7" (англ. Furious 7) тасмага "See You Again" (кырг. "Кайтадан көрүшөбүз") синглин жаздырган, ал 12 апта бою Billboard Hot 100 чартынын биринчи ордун ээлеген.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]