Уилсон Роулз

Википедия дан

Вудроу Уилсон Роулз (англ. Woodrow Wilson Rawls; 1913-жыл 24-сентябрь — 1984-жыл 16-декабрь) — "Кызыл папоротник өскөн жерде" (англ. Where the Red Fern Grows) жана "Маймылдардын жай мезгили" (англ. Summer of the Monkeys) китептери менен белгилүү амрикалык жазуучу болгон.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жаш кези[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Роулз он алты жашта болгондо АКШнын экономикасы "Чоң депрессияга" кирип, анын үй-бүлөсү Оклахомадагы үй-жайын таштап Калифорнияга көчүп кетүүгө аргасыз болгон; бирок үй-бүлөнүн унаасы Нью Мексиконун Албукеркесине жакын жерде бузулуп калып, Роулздун атасы жергиликтүү тиш паста фабрикасында жумуш тапкан.

1930 жана 1940-жылдарда өспүрүм кездеги Роулз жыгач уста болуп калып, Түштүк Америкага, Канадага жана Аляскага барган. Ал ошол мезгилде "Кызыл папоротник өскөн жерде" менен катар беш кол жазма даярдап койгон. Роулздун кол жазмаларынын түп нускасында көптөгөн орфографиялык жана грамматикалык каталар болгон жана эч кандай тыныш белгилери коюлган эмес. Ошондуктан ал атасынын устаканасындагы сандыктын ичине кол жазмаларын жашырып койгон.

1950-жылдардын аягында Роулз АКШнын түштүк-батышындагы ракета полигонунда курулуш компаниясында иштеген. Кийинчерээк ал Өзөктүк энергия боюнча комиссия менен келишимдин негизинде иштеш үчүн Айдахо Фоллско жакын жердеги курулуш аймагына которулган. Роулз Муд Лэйкке жакын жерде жыгачтан салынган үйдө жашаган. Ошол жерде иштеп жүргөн кезде Роулз өзүнүн болочок аялы, Өзөктүк энергия боюнча комиссиянын бюджеттик аналитиги Софи Энн Стижинскини жолуктуруп калган. Жубайлар 1958-жылдын 23-августунда баш кошушкан.

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]