Уйгак

Википедия дан
Arctium tomentosum.

Уйгак (лат. Arctium, L. 1753) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумундагы уруусу. Эки жылдык, бийикт. 1-1,5 (2) мге жеткен чөп. Сабагы түз, көгүш же кочкул кызыл түстүү. Жалбырагы чоң, уз. 50 см, туурасы 20-30 см, формасы жүрөкчөдөй, жазы жумурткадай, жээги тегиз. Себетче топ гүлү сабактын жогору жагында шыпыргыдай топ гүлдү түзөт. Жер жүзүндө 11 ашык түрү отоо чөп катары кеңири таралган. Кыргызстанда 2 түрү кездешет, алар өрөөндөн тартып бөксө тоолорго чейинки нымдуу жерлерде өсөт. Илгертеден эл арасында дары өсүмдүк катары пайдаланылган. Анын тамырындагы инулин, шекер, учуучу майлар көп дарыларга кошулат да, муун, тери жана башка ооруларды айыктырат.

Мөмөсүндө 25-30 % репей аттуу май бар. Жаш кезиндеги тамыры жана сабагы тамак катары желет. Гүлүндө бал ширеси бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]