Укие-э

Википедия дан

Укие-э (япон. сөзмө-сөз «өтүп бара жаткан дүйнөнүн образдары») XVII–XIX кылымда Япония көркөм искусствосундагы багыт. XVII кылымда адеп живописте пайда болгон бул багыт (жанрдык живопись катары) андан ары жыгачтагы түстүү чекмеде өзгөчө өнүгө алды. У.-энин пайда болушу япон көркөм искусствосунун жалпы демократизацияланышы менен байланыштуу. Ич ара согуштардан кийинки өлкөнүн маданий жана чарбалык турмушунун жандануусу, сооданын өнүгүшү, буржуазиялык элементтердин өсүшү – мунун баары жандуу заманбап жашоонун япон сүрөтчүлөрүнүн көңүл чордонунда болуусуна түрткү берген жана алар жаңы У.-э багытын түзүшкөн. У.-э девизи астында ар кыл стиль, манера мектептеринин сүрөтчүлөрү биригишкен. Эң татынакай аялдардын портрети, жөнөкөй пейзаждар, куртизанка менен актёрлордун турмушунан алынган турмуштук сүрөттөмөлөр, кол өнөрчүлөр менен дыйкандар турмушу, үй-бүлөлүк көрүнүштөр «өтүп бара жаткан дүйнөнүн образдары» деп аталат. Ал дээрлик үч жүз жыл бою япон гравюрасын азыктандырып турган жана ага дүйнөлүк атак-даңкты алып келген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]