Укуктук мамлекет

Википедия дан

Укуктук мамлекет – мамлекеттин конституциялык-укуктук статусунун мүнөздөмөсү, ал мамлекеттин төмөнкү принциптерине сөзсүз баш ийүүсүн талаптайт: элдик эгемендүүлүк; мамлекет тарабынан адам укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулгустугу; мамлекеттин конституциялык түзүлүш менен байланышы; баардык башка мыйзамдарга карата конституциянын артыкчылыгы; бийликтин бөлүнүшү жана У. м-тин уюштуруучулук негизи катары бийликтин жоопкерчилик институту; соттордун көзкарандысыздыгы; эларалык укукченемдердин улуттук укук-ченемдерден артыкчылык-туулугу. У. м. ошондой эле заманбап демократиялык укук теориясынын борбордук категорияларынын бири болуп саналат. КР конституциялык мыйзамдарына ылайык өзүн У. м. катары жарыялаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]