Укук ченемдерин чечмелөө

Википедия дан

Укук ченемдерин чечмелөө – мамлекеттик органдардын, аргандай уюмдардын жана айрым жарандардын мыйзам чыгаруучунун укук ченемдеринде чагылдырылган жалпыга милдеттүү эркинин маанимаңызын жана мазмунун түшүндүрүүгө жана түшүнүүгө багытталган ишмердиктери. У. ч. ч-нүн максаты – турмуштун дайындуу жагдайларына карата алардагы алдынала көрсөтмөлөрдү туура колдонуу. Бул укукту колдонуунун юридикалык билим деңгээли талап кылуучу белгилүү баскычы. Чечмелөөнүн түрлөрүн аркыл негиздер боюнча жиктештирүүгө болот. Юридикалык күчү боюнча У. ч. ч. ырасмий жана ырасмий эмес болуп бөлүнөт. Ырасмий чечмелөөнүн түрлөрүнө – ченемдик жана казуалдык У. ч. ч., ырасмий эмесинин түрлөрүнө – доктриналдык жана учурдагы чечмелөөлөр кирет. У. ч. ч-нү көлөмү боюнча так (толук, бирдей), чектөөчү жана таралма деп жиктөөгө болот. Чечмелөө ыктарына байланыштуу чечмелөө грамматикалык, логикалык, тутумдуу жана тарыхый деп айырмаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]