Укурук

Википедия дан
Укурук салып жайлоодо

Укурук – азоо жылкыны кармоодо колдонулуучу учуна илмек кыл аргамжы (укурук боо) байланган эң жөнөкөй жыгач шайман. Узундугу 5–6 м, диаметри 4–6 смдей кайың, тал, долоно, четин жана башка бекем жыгачтардын ичке учунун эки жерине узундугу 1,5 мдей аргамжы байланып жасалат. Аргамжыжүн менен кыл аралаштырып, ичке эшилген жиптен үч каттап чыйратылган, узундугу 5–6 м бышык жип. Атчан жылкычы азоону кууп жетип, анын мойнуна аргамжынын илмегин салып, укурукту бура тартып, жылкыны токтотот.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]