Укурчинов Алим Усманович

Википедия дан

Укурчинов Алим Усманович (1938-ж. т., Каракол ш.) — хормейстер, педагог. Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1987),Кыргыз Республикасынын Ленин комсомолу сыйл. лауреаты.

1958-ж. Кыргыз мамлекеттик М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын хор дирижёру бөлүмүндө педагогдор В.Ф. Кальтман менен С. Юсуповдун классынан, Москва мамлекеттик музыкалык-педагогика Гнесиндер атындагы окуу жайынан окуган.

1970-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун хор мугалими, бир эле мезгилде республикалык адистештирилген М. Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатта хормейстер жана көркөм жетекчиси болуп иштейт.

Мектептеги У. жетектеген хор Ленин комсомолу сыйл. лауреаты, Республикалык балдар коллективдеринин конкурсунун дипломанты(1974), «Ырдаган үндөр» аттуу фестиваль-конкурстун жеңүүчүсү. Хор Челябинск, Ташкен, Алматы шаарларында гастролдо болгон.

Бүткүл союздук «Мелодия» үн жазуу фирмасы тарабынан У. жетектеген хордун аткаруусундагы кыргыз композиторлорунун ырлары менен хорлорунан диск-гигант табак чыгарылган. «Бала кербез» аттуу балдар хору жыйнагынын авторлорунун – түзүүчүлөрүнүн бири.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.