Мазмунга өтүү

Уланма реакциялар

Википедия дан

Уланма реакциялар(иректер) – реакциялар башталышында активдүү бөлүкчөлөр пайда болуп (эркин радикал - химиялык процессте, нейтрон - ядролук процессте), ал бөлүкчөлөрдүн таасири менен реакция дүркүрөп өсүп, уланып кете турган химиялык жана ядролук реакциялар. Химиялык У. р. эркин радикал молекуладан айырмаланып, баштапкы (алгачкы) молекулалар менен оңой реакцияга кирип, жаңы радикалды пайда кылат. Эркин радикал кандайдыр бир молекула менен реакцияга киргенде мол-нын бир валентүү байланышы үзүлүп, андан жаңы радикал, ал радикал башка мол. менен реакцияга кирип, дагы жаңы радикалды пайда кылат. У. р. ушундай процесс реакциянын акырына чейин тынымсыз кайталанат. Ал эми ядролук процесстерде активдүү бөлүкчө (нейтрон) зарядсыз болгондуктан, атом ядросу менен урушуп, ядролук У. р/ пайда кылат. Химиялык У. р/ суутектин мол-сын, углеводдорду, жарыктын же темп-ранын жардамы менен хлорлоо, орг. бирикмелерди окистендирүү, каныкпаган орг. бирикмелерди эркин радикалдын жардамы менен полимерлөө, нефтини крекингдөө реакциялары тиешелүү. Химиялык У. р. эркин радикалдын пайда болушу, чынжырчанын өсүшү жана чынжырчанын үзүлүшү болуп үч баскычка бөлүнөт. Мисалы, метанды жарыктын жардамы менен хлорлоо төмөндөгүдөй жүрөт:

hv

1.Cl2---®2Cl эркин радикалдын пайда болушу.

2.Cl +CH4® CH3+HCl

CH3+Cl2®CH3Cl+Cl чынжырчанын

CH3Cl+Cl ® CH2Cl+HCl өсүшү

CH3Cl+Cl2®CH2Cl2+Cl

жана дагы ушундай сыяктуу

СС3+Cl2®CCl4+Cl

3.CH3+CH3®CH3-CH3 чынжырчанын

CH3+Cl ®CH3Cl үзүлүшү

Cl +Cl®Cl2

Реакциянын 1-баскычында ультракызгылт көк нур таасири менен хлор мол-сы эки эркин радикалга ажырайт. Экинчи баскычында хлор атому метан мол-сынан суутек атомун кошуп алып, суутек хлориди менен метил радикалын, ал радикал өз учурунда хлор молекуласы менен реакцияга кирип, хлордуу метил менен хлор жаңы радикалын пайда кылат. Мындан ары хлор радикалы хлордуу метилден жаңы радикалды пайда кылып, жогорку процесс уланып, акырында 4 хлордуу көмүртек алынат. Бирок, реакциянын чексиз өсүшү радикалдын бири-бири менен реакцияга киришинен 3-баскычында үзүлүп, реакция токтойт. Химиялык У. р. азыркы күндө химиялык жана нефть ө. ж-нда кеңири колдонулууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]