Улексит

Википедия дан

Улексит (немец химиги Г. Л. Улекстин ысмынан аталат) - сейрек минерал, натрий менен кальцийдин суулуу бораты, NaCaB509-H20. Курамы 45% ке чейин В203 турат.

Кургак жана ысык климат өкүм сүргөн аймактарда гипергенезден көл чөкмөсүндө пайда болот. Өнү ак, жибектей жылтырайт, тунук. Морт, жумшак (катуулугу 12,5), тыгыздыгы 1,9-2,0 г/см3. Ысык сууда эрийт. Жакшы сайкалданат. Туташ агрегатын жука тыгыз булалар түзөт. У-тин сыныгынын 2 капалын сайкалдаса өзү аркылуу түс өткөрүү касиетине ээ болот. Жазуунун үстүнө койсо, анын үстүнкү бетинде жазуулар пайда болгондуктан «телекөрсөтүү ташы» - деп атап коюшат. Бордун кенташы. Кени: Аргентина, Перу, Чили, Канада, АКШ, Казакстан ж. б. өлкөлөрдө бар. Жасалма жол менен да алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4