Мазмунга өтүү

Улугбек обсерваториясы

Википедия дан

Улугбек обсерваториясы - орто кылымдагы белгилүү обсерваториялардын бири.

1428-29-ж. Самаркандын чет-жакасында Улугбек курдурган. Ал өлтүрүлгөндөн (1449) кийин талкаланган. Чалдыбарын 1908-ж. В. М. Вяткин тапкан, 1948-ж. В. И. Шишкин казган. Диаметри 46,4 м, бийиктиги 30 -мден кем эмес тегерек 3 кабат имаратка мрамор секстант коюлуп (анын жаасы айлананын алтыдан бир бөлүгүнө, б. а. 60°ка, радиусу 40,2 3гe барабар болгон), анын жардамы менен Күндүн, Айдын жана планеталардын меридиан аркылуу өтүп бараткандагы координаталарын ченешкен.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.