Улуттук азчылыктар

Википедия дан

Улуттук азчылыктар - мамлекеттин көпчүлүктү түзгөн калкынан улуту боюнча айырмаланган элдер.

Улуттук азчылыктар термини ар кайсы өлкөлөрдө ар түрдүү мааниде колдонулат. КЭР, Вьетнамда көп сандуу элден башкалардын баарын улуттук азчылыктар деп аташат. Индонезияда иммигранттык топторду түпкү калктан айырмалап улуттук азчылыктар деп аташат. Бир катар мусулман өлкөлөрүндө (Иранда) дини боюнча бөлүшөт. Мамлекеттик динди тутпагандардын баары улуттук азчылыктар катары эсептелинет.

Батыш Европада болсо үстөмдүк кылган улут менен укуктук статуска ээ болгон, автономия же мамлекеттин эгемендик формасында же ага жетишүүгө умтулган этностук (улуттук) топтор аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.