Улуттук идеология

Википедия дан

Улуттук идеология - идеологиялык агымдардын бири; маанилүү проблемаларды, улуттук маселелерди чечүүнүн составдык бөлүгү катары коюуну болжолдойт; улуттук саясий кыймылдардын руханий негизи болуп чыгуу менен Улуттук идеология улуттардын маданий өз алдынчалыгын жана эркиндигин камсыз кылуу программасын иштеп чыгат, улуттук идентификациялоонун негизинде граждандардын саясий жүрүм-турумунун максатын ачып көрсөтөт.

Жалпы адамзат нормаларын жана башка социалдык этностук биримдиктердин укугун жокко чыгарган улуттук максаттарды жана баалуулуктарды абсолютташтыруу Улуттук идеологияны антидемократтык, тоталитардык, фашисттик саясий кыймылдардын идеялык негизи болгон улутчулдук доктриналарына айландырат. Улуттук идеологиянын программалык-саясий максаттары жана талаптары саясий элиталардын улуттук өзүн-өзү түшүнө билүүсүнүн деңгээли жана конкреттүү - тарыхый шарттар менен гана эмес, улуттун таратылышын спецификалык коомдук топ катары түшүнүүнүн өзгөчөлүктөрү менен шартталган, Улуттук идеология теориялык фундаментинде жаткан жалпы концептуалдык жолдордун катарында төмөнкүлөрдү бөлүп чыгуу мүмкүн: улуттардын жаратылышын анын баалуулук-маданий жана этностук булактарын бириктирүүчү социалдык жана саясий институттардын бөлүшү менен байланыштырган институционалдык, улутту тубаса, табигый мурастап калынган мүнөздөмөлөрдүн (расасы, кандык-туугандык байланыштар, регионалдык жашоонун өзгөчөлүктөрү) жыйындысына алып баруучу социобиологиялык, улутту социомаданий нормалардын, баалуулуктардын, символдордун ж. б. алып жүрүүчүсү катары түшүнгөн культурологиялык; улутту убакытта жана мейкиндикте өзгөрүлбөөчү сезимдик-эмоционалдык элестердин жыйындысына алып баруучу психологизатордук; улутту материалдык турмуштун, адабий тилдин, аймактык жана руханий жашоонун белгилүү салттын элемемттеринин бир катар шарттарынын биримдигине негизделген тарыхый биримдик катары караган социалдык-таптык; улутту Кудайдын тилеги берилген жана бул жыргалчылыкты башкалардан сактоочу эл катары караган теократиялык.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6