Мазмунга өтүү

Улуттук мамилелер

Википедия дан

Улуттук мамилелер - социалдык этностук биримдиктердин, улуттук жана этностук топтордун, улуттук-мамлекеттик түзүлүштөрдүн ортосундагы коомдук мамилелердин түрү. Мамилелердин «улуттук» жана «улуттар аралык» деген түшүнүктөрдүн карым-катнашы тууралуу түрдүү көз караштар кездешүүдө.

Ата Мекендик адабиятта улуттар аралык мамилелер деп көп улуттуу мамлекеттердин ичиндеги элдердин (этнос) мамилелерин атоо кабыл алынган. Бул ыкма менен «Улуттук мамилелер». жана «улуттар аралык мамилелер» түшүнүгү бир мааниде пайдаланылат. Улуттар аралык байланыштардын комплекси болбой туруп, улуттун кадыресе жашоосу мүмкүн эмес. Улуттук мамилелерден тышкары «улут» түшүнүгү өзүнүн мазмунун жоготот. Улуттук мамилелер - улуттун жашоо чөйрөсү. Алар комплекстүү мүнөздүү болуп, Улуттук мамилелердин субъектеринин экономикалык, социалдык, руханий, саясий, социалдык-психологиялык ж. б. өз ара аракеттенүүсүнүн түрлөрүн камтышат. Бирок коомдук мамилелердин анализин түрдүү негиздөөлөрүн структуралык (улуттар аралык байланыштар социалдык структуранын элементтери катары) жана мазмундук (экономикалык, саясий, нравалык ж. б. байланыштар) бөлүктөрүн аралаштыруунун зарылдыгы жок. Улуттук мамилелер - структуралык пландагы комплекстүү байланыштар. Бул болсо өзүлөрүнө коомдук мамилелердин мазмунун бардык байлыктарын камтыган Улуттук мамилелердин субъектеринин ортосундагы байланыштар. Бирок Улуттук мамилелер социалдык-этникалык биримдиктердин, улуттук, этностук топтордун өз ара аракеттеринин объектиси менен чектелген. Улуттук мамилелерге тарыхый өнүгүүсүндө эки диалектикалык өз ара байланышкан тенденциялар таандык: обочолонууга жана өз ара аракеттенүүгө: алардын өз ара байланышы социалдык-этностук өнүгүүсүнүн булагы болуп чыгат. Универсалдуу мыйзам ченемдүүлүк-түн - тарыхый процесстин биримдүүлүгүнүн - күчү менен жалпы тарыхый планда өз ара аракеттенишүү тенденциясы жетектөөчү болуп саналат. Социалдык этностук биримдиктин сапаттык жаңы абалга - улутка өтүүсүндө, улуттук көз карандысыздыкка жетишүүдө, улуттук эгемендүүлүктү калыбына келтирүүдө, тарыхый өнүгүүнүн бурулуш этаптарындагы улуттук кайра жаралууларда обочолонуу тенденциясы артыкчылык кылат. Ички жана тышкы байланыштардын диалектикасы Улуттук мамилелертин түзүүчү жана бузуучу факторлор катары потенциалдык мүмкүнчүлүгүн болжойт. Обочолонуу (ички мамиле) тенденциясы улуттук-саясий чөйрөдө улуттук өзүн-өзү ырастоо саясаты (түзүүчү) катары же улутчулдук (бузуучу) саясат катары өзүн көрсөтөт; өз ара аракеттенүү (тышкы мамиле) тенденциясы интернационалдык (түзүүчү) саясат же псевдоинтернационалисттик (бузуучу) саясат катары чыгат. Өлчөнгөн, рационалдык улуттук саясат Улуттук мамилелерди оптималдаштырууну жөнгө салат. Анда алардын татаал жана карама-каршы мүнөзү толук өлчөмдү эске алынат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6