Улуттук сырт кийимдер

Википедия дан

Улуттук сырт кийимдер - элдик сырт жана ич-кийимдери кооздоп бычып-тигүү жана аларды кийип журүү, албетте, наркттуулукту көрсөтөт. Сырт кийимдер кыргызда башкы кийим катары бааланат.
“Алдына ат тарткан, үстүнө чепкен жапкан”,-деп айтылат. Чепкен башкы кийиттердин бири. Анын жердигин уздар кезегинде таардан да, сырт-кийимдик калың кездемеден да тигилет. Суп чепкен-төөнүнүн жүнүнөн чарык жиптей ичке ийрип, аны оңго-солго чыйратып, өрмөк аркылуу таңдайлаштырып, эңдүү согуп, бычып,жалаңкат ичмеп тиккен. “Суп чепкен кийдин сурак жок, сурабай эгем койгон жок”-деген саптар эл арасында бул кийимдин кеңири таралганы жөнүндө баамдап турат. Аны “төө чепкен деп айтышат. Кийим мала күрөн тартып, ачык маанайды берип өзү абдан бышык келет. Чепкен көөлгүй кенен тигилет да, ичтелип, ага жүн менен кебез калыңыраак салынат. Буга бүчүлүк менен топчу кадалат.
Аялдар үчүн тигилген чепкендин жердиги адими кездемелерден тандалат. Анын жакасына, өңүрүнө жана этек –жеңдерине баалуу ан терилери бастырылат. Муну жердиги кара, жашыл,көк,кызыл тас баркуттан жана чий баркуттан тандалып, анын өңүнө карата көркөм көчөттөр түшүрүлөт. Кара баркутта кызыл кочкул кандайдыр басмырттыкты пайда кылат. Элдик “иткуйрук оюмун”чийип, сайма көчөттүн геометриялык жактан татаал айкалыштарын берүүгө да болот. Анда чийимди жоонойтпой, бирдей ичкеликте алып, уздар кыялданта берет.
Ак колпогун жамынса, кийгенине жарашккан, Астындагы Аккула, мингенине жараша”. Кементай - элдик сырт кийим. Жоокерчиликте кийиле турган түрү ак колпок деп аталат. Кементайдын жердиги кийиз болот. Ал орточо калыңдыкта бышырылат. Ар түстөгү кийиздерден чепкендей узун жасалган бул сырт кийим кементайдын учасы менен өңүрүнүн бириктирилген жерлери жана бардык тигиштеринин арасы тон жана ичиктей “милтеленет”. Анын жээктери көбүнчө айланта өңдөш кездемелер аркылуу кыюуланат . Мунун кийизинин жүнүн кылдап, ойдогудай бышырып бычат. Андай кементай бышык болот. Суу өткөрбөйт , кийин кирип-тарып кетпейт . Ак кементайдын жакасы жең-учтары , өңүрү менен этеги карыштай түрдүү түстөгү баркуттар менен кыюуланат. Кийимдин үч түрү бар. Сөөлөттүүлөр кие турган кементайдын ичи ичтелет. Этек –жени адими кездеме аркылуу кыюуланат .
Ага бир бүтүн кылып окшош бөрктүү кыюусу менен ак калпак тигилет. Жылкычынын кементайы аттанып- түшүүгө элпек тизе- шыйрактарды жабууга этек-жеңи кең жаан өтпөгөндөй кийизден жасалат. Койчулардын кементайынын жылкычылардын кементайынын айырмасы бешмант өңдүү болуп , тоо- таштарда , адыр- белестерде жөө жүрүүгө шартташат.