Ультракызгылт-көк спектроскопия

Википедия дан

Ультракызгылт-көк спектроскопия – спектрдин ультракызгылт-көк областындагы (400–10 нм) жутулуу, чагылуу жана нурдануу спектрлерин алууну, изилдөөнү жана колдонууну камтыган оптикалык спектроскопиянын бөлүмү.

200–10 нм аймагындагы спектрлерди изилдөөнү вакуумдук спектроскопия жүргүзөт. Спектрдин 400–200 нм аймагы үчүн көрүү аймагынын спектралдык приборлорунун оптикалык схемалары боюнча курулган приборлор колдонулат: айырмачылыгы ультракызгылт-көк нурданууну жутуучу айнек призмаларды, линзаларды ж. б. оптикалык деталдарды кварцка алмаштырууда турат. Ультракызгылт-көк спектроскопия атомдордун, иондордун, молекулалардын жана катуу нерселердин энергия деңгээлдерин, кванттык өтүүлөрүнүн ыктымалдуулуктарын ж. б. мүнөздөөчүлөрүн изилдөө үчүн колдонулат. Көптөгөн химиялык бирикмелер ультракызгылт-көк аймагында күчтүү жутулуу тилкесин түзөт, бул спектралдык анализде Ультракызгылт-көк спектроскопиянын колдонулушунун кеңейишин шарттайт. Ультракызгылт-көк спектроскопия атмосферадан сырткары астрофизикада Күндү, жылдыздарды, тумандуулуктарды ж. б. изилдөөдө чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]