Ума Турман

Википедия дан

Ума Каруна Турман (англ. Uma Thurman;1970-жылдын 29-апрелинде туулган) - америкалык актриса жана модель. Актриса романтикалык комедияларда, мелодрамаларда, драмаларда, илимий-фантастикалык тасмаларда, экшн тасмаларында ойноп өзүнүн чыгармачылык диапазону кеңири экендигин далилдей алган. Британиядагы Vogue журналынын 1985-жылдын декабрь айындагы жана 1986-жылдын май айындагы башкы бетине актрисанын сүрөтү жарыялангандан соң, "Коркунучтуу байланыш" (англ. Dangerous Liaisons, 1988) тасмасында ойногон. У. Турман Квентин Тарантинонун "Кылмыш окуясы" (англ. Pulp Fiction, 1994) тасмасындагы ролу ага дүйнөлүк атак алып келген, бул фильмдеги ролу үчүн "Оскар", "Алтын глобус" жана Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын сыйлыгына жана "Алтын глобус" сыйлыгынын "Экинчи пландагы эң мыкты актриса" номинациясына көрсөтүлгөн. Актриса 1990-жылдарда "Бэтмен и Робин" (англ. Batman & Robin, 1997), "Гаттака" (англ. Gattaca, 1997) and "Бактысыздар" (фр.Les Misérables, 1998) тасмаларына тартылган.

У. Турман "Сокурлук (англ. Hysterical Blindness, 2002) тасмасындагы ролу үчүн "Телевизиондук сериалдагы эң мыкты актриса" номинациясында "Алтын глобус" сыйлыгына татыктуу болгон. Квентин Тарантинонун "музасы" деген атка ээ болгон У. Турман, режиссер менен кайрадан "Биллди өлтүрүү" (англ. Kill Bill, 2003–2004) сериалына тартылып, ал ролу үчүн "Алтын глобус" сыйлыгынын дагы эки номинациясына көрсөтүлгөн. Акыркы он жылдыктагы тасмаларына "Зыңк бол" (англ. Be Cool, 2005), "Продюсерлер" (англ. The Producers, 2005) and "Менин мурдагы супер сүйүктүү колуктум" (англ. My Super Ex-Girlfriend, 2006) кирет. Ал праймтаймдык "Эмми" сыйлыгынын "Мыкты конок актриса" номинациясына "Ийгилик"(англ. Smash, 2012) тасмасындагы беш эпизоддук ролу үчүн көрсөтүлгөн. У. Турман "Нимфоманка" (англ. Nymphomaniac, 2013) деген эки бөлүмдөн турган тасмадагы экинчи пландагы ролу үчүн дагы көрүүчүлөрдун сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]