Уолт Уитмен

Википедия дан
Уолт Уитмен (1887).

Уолт Уитмен - Америкалык белгилүү акын. У. Уитмен 1819-жылы 31-майда Уэст Хиллз (Батыш дөңсөөдө) Нью-Йорк штатында фермердин үй-бүлөсүндө туулган.Башталгыч билимди Бруклин жана Лонг-Айленде алган.

Иштеген кызматы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

II жашынан баштап эле ар кыл кесиптерде - кат-кагаз ташуучу, басмаканада арип терүүчү, жыгач уста, мугалим, 1838-жылы журналист, 1846-жылы демократиялык партиянын органы болгон. «Бруклин дейли игл» газетасынын редактору болуп иштеген.

Эмгеги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1841-жылы «Франклин Ивенс же ачуу мас» деген романын жазган.Ал америкалык адабиятчылардын эң алгачкыларынан болуп жөнөкөй эл жөнүндө, расага, улуттук эзүүгө, кулчулукка каршы ырдап, элдердин достугун даназалаган.1855-жылы өзүнүн биринчи «Чөп бүрлөрү» деген ырлар жыйнагын өз колу менен терип, биринчи жолу китепти 800 нуска менен басмадан чыгарган, басылышында 12 ыр, экинчисинде 32, ал эми үчүнчүсүндө 100 дөн ашык ыр кирген. «Адамдар бириккиле! Табийгат, Жер жана Аалам адамзатка киндиктешсиңер» Мыктылар да жок, жамандар да жок - эч кандай иерархия болбосун» - дейт чыгармасынын негизги идеясы. Ушул ырлар жыйнагы аны дүйнөгө белгилүү кылды. Америкалыктардын турмушунун көп кырын көркөм сөз менен ачык сүрөттөп баяндаган.Акындын «Чөптөрдүн бүрлөрү» деген чыгармасын биринчилерден болуп гермаииялык Ф. Фрейлиграт, чех тилине С. Чех жака Я. Врхлицкий, италия тилине П. Полятти, орус тилине К. И. Чуковский которгон. 1955-жылы Уитмендин бул китепткн 100 жылдыгын белгилешкен. Бул чыгармасына удаалаш эле «Президентти он сегизинчи жолу шайлоо» деген памфлетти жазган.

Өмүрүнүн акыркы мезгили[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1873-жылы акындын бир жак ыптасы кыймылдабай шал болуп калган.1890-жылы жыйнаган акчасына мүрзө сатып алып, граниттен өзүнө эстелик жасатып, бетине аты-жөнүн жаздырып койгон.1892-жылы жакын досу Френсис Ульям мүрзөнүн башында туруп, Уитмендин өзүнүн;

«Мен ырдаймын күчкө толуп умтулган, Кайнарланган делебелүү жашоону. Эркиндикке жаркын ишке жаралган, Жаңы доордук жаңы адамын ырдаймын» - деген ыр саптарын угуза окуган. Аны өлгөндөн кийин гана америкалык улуу акыны - гений катарында эсептешип, Нью-Йоркко эстелигин тургузушкан.Акындын поэзиясынын саясий актуалдуулугу, күчтүү эмоциалдуулугу, көркөмдүк каражаты, тилинин жатыктыгы элдин кенчине айланып, ысымы америкалык жака дүйнөлүк маданияттын даңктуу үлгүсү болуп калды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • УИТМЕН Уолт. Жалбырактар: Ырлар / Котор.: С. Эралиев. - Ф., 1970. - 127 б.; УИТМЕН Уолт // Кыргыз Совет Эициклопедиясы. - Ф., 1980. -Т.6. - Б. 145; АКЫНДЫН жылдызы кырк // Ленинчил жаш. - 1969. - 31- май.