Упай
Шарты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюнчулардын саны 4—6 киши.
Оюн аянтчада же чоң. бөлмөдө өткөрүлөт.
Оюнда 30—90 даана чүкөлөр жана 1 абалак колдонулат.
Оюнга даярдануу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюнчулар тегерек болуп отурушкандан кийин жетекчи шайланат, ал катышуучуларды эки бөлүп, кезектерин аныктап чүкөлөрдү жерге чачып таштайт.
Оюндун баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюнду баштоочу абалакты огу менен урушу керек. Эгерде ал оюнчу, абалакты уруп алалбаса, жыдып кезекти, башкаларга берет. Баш бармак менен сөөмөйдүн жармы менен урса болот. Оюнду баштап жана абалак уруп алган оюнчу айы бош колу менен кармап турса болот же аны белгилүү жерге коёт. Катарынан 3 чүкөнү уруп алгандан кийин, абалакты ордуна кайтарып коёт. Айкүргө түшкөн чүкөлөрдү айкүр чүкөлөр менен тааныта менен, чикти-чик менен бөк күүлөнүп түнөк менен уруп алат.
Оюнчулар төмөнкү учурда чүкөлөрдү уруу укугун жоготушат
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эгерде уруп алгандан кийин үч чүкөнү алуунун ордуңа эки же төрт чүкөнү алса (бул убакыт да бардык уткан чүкөлөрдү оюнчу ордуна кайра коюшу керек), эгерде ок дагы бир башка абалда турган чүкөгө тийсе, кийиктин ордуна, окту алса, кокустан бир жери менен жаткан чүкөлөргө тийип кетсе, же бош болуп жаткан чүкөнү уруп алса, эгерде башка оюнчунун берген кенеши менен уруп алса жаа оюнчулары менен кенешкенден кийин чүкөнү атса болот, эгерде шериктеринин бирөөсү, уткан чүкөлөргө ок кийикке таянып же жатып калса оюн жыдыйт. Оюн каалаган убакытка чейин уланат. Оюнда кеп чүкөлөрдү утуп алган жааттын оюнчулары жеңишке жетишет.
Оюндун эрежеси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бир ок менен бир нече жолу урууга, бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга болбойт, окту кийик менен уруп алса болот.
Оюнга методикалык көрсөтмө
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюн өткөрүлүүчү жер тегиз, ыңгайлуу болушу керек.
Оюндун педагогикалык мааниси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Күч тарбияланат, кол менен кыймылдарды так аткарууга, атуу ыкмаларын, аралыкты чамалап аныктоого, коюлган максатка жетүүгө тартипти сактоого, бири бирин урматтоого үйрөтөт.