Уразгильдеев Роберт Хасанович

Википедия дан

Уразгильдеев Роберт Хасанович (1935-ж. т., Россиянын Пермь ш.) - искусство таануучу, искусство таануу илиминин доктору, проф. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

  • 1955-ж. Пермь мамлекеттик хореографиялык окуу жайын,
  • 1962-ж. A. В. Луначарский атындагы театр институтун сырттан окуп бүтүргөн.
  • 1955-64-ж.Пермь мамлекеттик опера жана балет театрында,
  • 1964-86-ж. Кыргыз мамлекттик улуттук А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында балет солисти, педагог-балетмейстер, хореограф-коюучу болуп иштеген.
  • «Эсмеральдадан» Фебдин, «Чоң вальстан» Иоганн Штраустун, «Жизелден» токойчунун, «Аккуу көлүнөн», ачуулуу Генийдин, «Щелкунчиктен» Дроссельмердин, «Баядеркадан» Улуу Браминдин, «Чолпондон» Темирхандын ж. б. Балет партияларын аткарган.

Ошондой эле А.Холминовдун «Оптимисттик трагедия», П. Чайковскийдин «Черевички», Дж. Вердинин «Отелло», С. Рахманиновдун «Алеко» ж. б. опералардын сахналык бийлерин да койгон.

1972-74-ж. жана 1974-77-ж. СССР-дин, Кыргыз Республикасынын маданият министрликтеринин жолдомосу менен Каирдеги балеттик топтун директору, Тегеран театрындагы Рудакин-холлдо жана Тегеран балет академиясында балетмейстер-коюучу жана педагог болуп иштеген.

«Жизель»,«Щелкунчик», «Бахчисарай фонтаны»аттуу классикалык балеттерди жаңылап көрүүчүлөргө тартуулаган.

1986-жылдан Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун илимий иштер боюнча проректору, хореография кафедрасынын башчысы. 1975-ж. «Бүбүсара Бейшеналиева жана кыргыз балет театры» аттуу темада кандидаттык диссертация жактаган.

1995-ж. «Кыргыз хореографиясынын калыптануусундагы жана өнүгүшүндөгү проблемалар» деген темада докторлук диссертациясын коргогон, 200дөн ашык илимий монографияларды, макалаларды жазган. Алар орус, кыргыз, кытай, англис, француз, фарси ж. б. тилдерде басма сөз беттерине жарыяланган: «Бий» (Пермь, 1963),«Бүбүсара Бейшеналиева» (Ф. 1971),«Бий өнөрү тууралуу» («Ф., 1981),«Кыргыз балети» («Ф., 1983), «Айсулу Токомбаева» (Ф., 1984), «Кыргызэлдик бийи» (М., 1986), «Бүбүсара Бейшеналиева (замандаштарынын эскерүүлөрү)» (Ф., 1987), «Чолпонбек Базарбаев» (Б., 1999), «Калый Молдобасанов» (Б., 1999), «Менин тагдырымда Пермь шаары» (Пермь, 2004)аттуу очерктери, монографиялары менен жаш балет таануу илимине бараандуу салымын кошту.

Кыргызстандын коомдук ИАнын академиги, СССРдин медалдары менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.