Ураимжанов Абдурасул

Википедия дан

Ураимжанов Абдурасул (5. 2. 1950-ж. т., Ош ш.) - артист, музыкант.

Кыргыз ССРинин эмгеги сиңирген артисти (1980), КРдин эл артисти (2011). 196670-ж. Анжияндагы Т. Жалилов атындагы музыкалык окуу жайында окуган. 197073-ж. Ош шаарындагы балдар музыкалык мектебинде иштеген. 1973-80-ж. Ош мамлекеттик акад. өзбек драма театрында оркестрдин артисти, 1980жылдан драма артисти. Негизги ролдору: акын-ырчы (Ч. Айтматов, «Биринчи мугалим»), Тухта (С. Ахмад, «Келиндер козголоңу»), Шодди (М. Иброхимов, «Мансапкор») ж. б. Кинодо аткарган ролдору: Ш. Расулов («Улуу Жеңиш», 1987), журналист («Закым», 1989) ж. б. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4