Уралиев Намазбек

Википедия дан
(1956-ж. т., Ысык-Көл району) - комузчу, уста. Республикалык, эл аралык кароо-конкурстардын, фестивалдардын 6 жолку лауреаты. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти (2022).

  • 1978-ж. Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн.
  • Чолпон-Ата шаарында маданият үйүндө иштеген.
  • Комузчулар ансамблин уюштурган.
  • Комузду балачагынан чоң атасы Ураалыдан үйрөнгөн.
  • Карамолдонун «Ибарат»,«Насыйкат», «Сынган бугу», «Термекамбаркан», «Жаш кербез», Ыбырайдын «Кеңеш», «Жаш тилек», «Жыргал күн», «Боз салкын» ж. б. залкаркүүлөрдү аткарат. Өзүнүн «Эне жүрөгү», «Эмгек шаңы», «Ысыккөл», «Алтын ордо» ж. б. күүлөрүн улуу комузчу Карамолдонун үлгүсүндө чыгарган.
  • Залкар комузчулардын 50дөн ашык күүлөрүн Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын алтын фондуна жаздырган.

Комуз чертүү менен бирге байыркы аспапты да келтире чапкан чоң уста.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.