Уранхайлар

Википедия дан
Уранхайлар.

Уранхайлармоңгол тилдүү элдерде тувалар (тубалар), саха-якуттар жана Түндүк-Батыш Моңголиянын түрк тилдүү калктары. Уранхайлар аталган Түндүк-Батыш Моңголиянын түрк-моңгол тилдүү этностук топторунун курамдарында «хара хыргыс», «шера хыргыс», «мөдөн хыргыс» жана башка урук аттары бар.

Уранхайлар (байыркы моңгол тилинде – Урэнхэй) – суук, табийгаты катаал аймактын адамы же биздин тилди түшүнбөгөндөр, бөтөн эл, башка уруу дегенди түшүндүрөт. Байыркы кыргыздар жалпысынан уранхай деп аталган уруулар (бүгүнкү тувалар, сойоттор жана башка) менен узак убакыт жамаатташ, алакалаш жашашканы маалым. Болжолу, уранхайлар өз учурунда енисей кыргыздарынын да этностук курамына киришкен.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
  • “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
  • “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
  • “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]