Уран Сарбагышев

Википедия дан

Уран Сарбагышев - атактуу кыргыз бийчиси.

Өмүрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал 1934-жылы 11-декабрда Фрунзе (Бишкек) шаарында маданият кызматкерлеринин үй-бүлөөсундө туулган.Атасы О.Сарбагышев кыргыздын улуттук театрынын баштоочусу,режиссер,драматург болгон.Уран атасын элес-булас гана билген.Себеби атасы каза болгондо ал 10 жашта болгон.Бирок,искусствого болгон сүйүүнү өз атасынан мурас кылып алган.

Билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1947-жылы А.Я.Ваганова атындагы Ленинграддагы (Санк-Петербургдагы) хореографиялык окуу жайына кабыл алынып,адегенде М.Б.Страхованын,андан кийин Д.С.Петровдун,.Б.В.Соловьевдун,Ю.Я.Дружининдин класстарынан окуп билим алган.Анын таланты абдан эрте ачылат,анткени ага классикалык бийлердин традициясын эң мыкты өздөштүрүү таасири тийген.1955-жылы окуусун ийгиликтүү аяктап,Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз мамлекеттик опера балет театрынын солист болуп 1975-жылга чейин иштеген.

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Театрда иштеп жүрүп көптөгөн партияларды аткарган.Алсак: А.Адандын "Жизелинде"-Альбертти;"Корсардагы"-Конрад; "Ромео менен Джульетадагы"-Ромео; "Бакчы-Сарай фонтанында"-Ванлив; "Ак-Куу көлүндө"-Зигфрид; "Лауренсияда"-Фрондосо "Египеттик түндөрүндө"-Амун; "Франческо-де реминде"-Лаоло жана башка ушул сыяктуу балеттердеги ал жараткан каармандар көрүүчүлөрдүн көңүлүндө көпкө сакталып калды.Улуттук "Анар", "Чолпон" балеттеринде чыныгы чоң талант экендигин далилдеди.Өзгөчө "Чолпон" фильм-балети дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөлөрүн кыдырып,тасма аркылуу Уран Сарбагышевди улуттук балеттин көзүр "валети" экенин таанытты.Өз кудуретинин бийиктиги жетилип турган мезгилде Абдылас Малдыбаев менен биргелешип "Ала-Тоо айдыңында" аттуу бий композициясын даярдап,балетмейстер-коюучу катарында көпчүлүккө таанылды.1966-жылыопера жана балет театрынын башкы балетмейстери болуп дайындалат.Талыкпаган,эмгекчил балетмейстер ушул театрдын сахнасында 15 балетти,улуттук операны,концерттик оюндарды койду.Мисалы: В.Власовдун-"Асель" (1969),А.Хачатуряндын-"Спартак" (1971),Э.Аристакесяндын- "Прометей"(1972),Ч.Нарымовдун "Өлбөстүк"(1975),К.Молдобасановдун "Саманчынын жолу" "Маңкурт жөнүндө баян" балет-ораторияларын койду.Жер,эмгек,согуш,сүйүү,эне тагдыры,жалпылап айткандакыргыз элинин бүгүнкү турмушун,тарыхын ачык,жеткиликтүү,психологиялык тереңдик менен көрүүчүлөргө жеткирген.

Сыйлык жана наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1977-жылы "Саманчынын жолу" балет-ораториясын койгондугу үчүн ал СССР дин мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.Эмгек Кызыл Туу,"Ардак белгиси" ордени жана медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар:Кыргыз Совет Энциклопедиясы-ф.,1980.Т.5-Б.247,Брудный Д.Кыргыз Балетинин жылдыздары//Ала-Тоо.-1966.-Б.145-154.