Уран кенташтары

Википедия дан

Уран кенташтары - курамында экономикалык жактан казып алууга арзырлык өлчөмдө ураны бар минералдардын табигый чогундусу.

Жаратылышта 100дөй минералы белгилүү. Алардын негизгилери урандын кычкылы - уранинит, силикат - коффинит, титанаттар - давидит жана браннерит, урандуу слюдалар - торбернит, цейнерит ж. б. Пайда болуу шартына карай эндоген, экзоген жана метаморфоген кендерине ажырайт. Эндоген кенд е р и бүктөлүү облустарына жана активдешкен платформаларга мүнөздүү. Алар жогорку темпра, күчтүү басым астында пегматиттүү эритиндиден жана магмадан бөлүнүп чыккан газдуу суу эриндилеринен чөгүп топтолот. Урандын пегматиттердеги кендери аз өлчөмдө болгондуктан, көбүнчө өнөр жайлык мааниси жокко эсе. Ал эми өнөр жайлык маанидегилери негизинен гидротерм жолу менен пайда болот. Экзоген кендер и жер бетинде жана ага жакын тереңдиктерде, ар түрдүү жаштагы чөкмө тоо тектер менен бирге кездешет. Чөкмөнүн топтолуу процессинде (сингенетика кенташтары) же кыртыш сууларынын циркуляциясынын натыйжасында (эпигенетика кенташтары), негизинен жаш платформаларда топтолгон. Метаморфоген кенд е р и байыркы платформаларда кездешет; чөкмө кабаттын метаморфизмдешүүсүнөн баштапкы чачыранды урандын кайра топтолушунан пайда болот. Дүйнөдөгү урандын эң ири кени - Австралиядагы Мак-Артур-Ривер кени. Анын запасы 98114 г, андагы урандын орточо өлчөмү 14,7%. Кыргызстанда пегматиттеги уран кендеринин негизгилери Талас Ала-Тоосунда, Жумгал-Тоодо, Үтүрөң массивинде кездешет. Нагыз уран кендерине Кек-Мойнок, Уу-Төр - Туюк, Капчыгай, уранторий кенине Котур-Төбө кендери кирет. Экзогендик кендерден Туура-Кабак, Жел, МайлууСуу, Шакафтар ж. б. белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4