Урбино

Википедия дан

Урбино - Италиядагы шаар.

Марке облусунда. Калкы 15,6 миңге чукул (2010). Университет (1506) бар. Кафедралуу собор, Сан-Доменико, Сан-Спирито чиркөөлөрү, Рафаэль Сантинин үй-музейи сакталган. 4-кылымдан белгилүү. Ренессанс арх-расынын эстелиги - Палаццо Дукале (1450-1563-ж.). Шаардын тарыхый бөлүгү 1998-ж. Бүткүл дүйнөлүк журастын тизмесине киргизилген. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4