Уркаш Мамбеталиев

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Уркаш Мамбеталиев

Уркаш Мамбеталиев Кыргыз элинин эл артисти , акын жана манас аткаруучу катары калайык журтка таанымал. Ал 1935-жылы Ысык-Көл областына караштуу Түп районундагы Талды-суу айылында туулган. Ата-энеден эрте калып атасы менен уялаш агасынын колунда чоңоеот. Бала кезинен сергек, ырга жакын шыктуулугу ошондо эле байкала баштайт. Мектеп билиминен кийин Фрунзеге атайын музыкалык окуу жайга келип кирип, аны 1952-жылы бүтүрөт. Андан соң А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын алдындагы студияны окуйт, ошентип эмгек жолун кыргыз драма театрында баштап, кийин филармонияга артист болуп иштеп жыйырмадан ашуун жыл эмгектенет.
Уркаш Мамбеталиевдин чыгармачылыгына көнүл салганыбызда, бул адамдын чыгармачылык табиятынын көп кырдуулугун байкай алабыз. Артисттик талантынан сырткары , мыкты “Манас” аткаруучу, ал эми ыр, поэзия дүйнөсүнө келгенде поэзия чебери.

Акындын “Манас” айтуу өнөрүнө чейин анын поэзия чебери катары изденүүсү жөнүндө сөз кылсак. Музыкалык окуу жайда, студияда окуп жүргөндө эле азын-оолак ырларды жазып, өзү теңдүүлөрдүн арасында белгилүү болуп калат. Ошону менен катар элдик дастандардан, уламыштардан, кенже эпостордон айтып коюп жүрөт, алсак “ Жоодарбешим”, “Сейитбек” өңдүү элдик чыгармаларды мыкты өздөштүрөт. “Манастан” үзүндүлөрдү аткарып жүрөт. Кыскасы, акындын поэзия дүйнөсүнө тартылып изденип калуусуна бир эске тутуп калуусу, элдик ырларды, мукамдуу обондорун маашырлана угуп өз дүйнөсүнө кабылдай жүргөнү чоң өбөлгө болот.

Акындын бүгүнкү күнгө чейин алты - жети ырлар жана поэмалар жыйнагы, дастандары жана өзүнүн “Манас” эпосу боюнча вариянты элдин таразасына коюлду.

Ал эми Уркаш Мамбеталиевге тиешелүү жагдайды, акын кандайдыр бир деңгээлде “Манас” эпосунун театр сахнасында жашашында бирден-бир негизги салымдарды кошкон, эпостун оозеки формасынан, китептик үлгүсүнөн сырткары, үчүнчү катмарында өнүгүүсүнө өбөлгө болгондугу биз үчүн өтө баалуу. Уркаш Мамбеталиев эпосту адегенде эле ичинен угуп жүрүп, кийин Саякбайдай устаттын өз оозунан тыңдап, натыйжада китептик үлгүдөн жаттап, аткаруу техникасын үйрөнгөндүгү кыйла убакытты алгандыгы сезилет. Эки жактуу күчтүү таасир: бири угуп эске тутуу, экинчиси жаттап үйрөнүү, үчүнчүсү бара-бара өзүнүн шыгына жараша көркөм боекторду кошуп импровизациялоого жетишкени албетте суктанууга арзыйт. Ушул жагдайда алганда акындын Манас аткаруу жөндөмүнүн күчттүүлүгүн белгилөөгө болот.
Эпостун сюжеттик коллизиясы толугу менен сакталып, айрым бир эпозддук сүрөттөлөрдө кошумча сапаттар кирип , импровизацияланган . Албетте , бир киши айткандай, ыр сапаттары трафареттик мүнөздө сакталуусу керек деген талап оозеки айтуучулукта жок. Айтуучулук өнөрдө, өзүнүн мурунку устатынын талантынын аффкетацеяланып, үйрөнчүк “Манас” айтуучулар тексти өздүк афтизими менен иштеп чыгуу сейрек көрүнүш. Уркаш Мамбеталиевде тубаса айтуучулук толугу менен болбосо да, көмөкөйдөн аткаруу, кабылдоо жана эске тутуу , жамакчылык , жорго тили байкалбай койбойт. Ошол себептен улам Уркаш Мамбеталиевди биз мыкты “Манас” аткаруучу катарында кабылдаганбыз бекеринен эмес. Көп кырдуу акын, өз доорунун таланттуу уулдарынын бири Уркаш Мамбеталиев азыр ардактуу эс алууда . Азыр да болот калемин колунан түшүрбөй изденип , Манасчылык өнөрүн элге тартуулап турган учуру.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • 1. Кыргызстан маданият.1984. 21.12-бет.
  • 2. Кыргыз адабиятынын тарыхы. 2-том Бишкек 2004-жыл.

Жарык көргөн китептери[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз тилинде[оңдоо | булагын оңдоо]

Көктөм: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 683 б.

Жол ырлары. – Ф.: Мектеп, 1972. – 63 б.

Too жылдызы: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1975. – 68 б.

Ашуу: Ырлар жана поэмалар. Ф:. Кыргызстан, 1979. – 47 б.

Алтын аяк: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 83 б.

Таазим: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 101 б.

Арча жыты: Ырлар, поэмалар. – Б.: 1994. – 428 б.

Тулпар: Ырлар жана жомоктор. – Ф.: Мектеп, 1988. – 40 б.

Кабылан курак дүбүртү. – Б., 2004.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]