Урмамбетов Совет

Википедия дан

(1934–1990)

Акын Совет Урмамбетов Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр айлында 1934-жылы туулган. С.Урмамбетов 1957-жылы Кыргызстан Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
1965-жылга чейин Кыргызстан мамлекеттик басмасында көркөм адаби-ят редакциясынын редактору, 1965–1966-жж. республикалык актерлор үйүнүн директору, 1967–1974-жж. чейин жана 1987-жылдан «Кыргызстан маданияты» гезитинин поэзия бөлүмүндө кабарчы, 1975–1980-жж. Токто-гул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында адабият боюнча бөлүм башчы болуп иштеген.
С.Урмамбетовдун 1949-жылы «Колхозчу авама» деген биринчи ыры облустук «Ысык-Көл правдасы» гезитине жарыяланат. Ошондон тарта рес-публикалык басмаларга анын ырлары үзгүлтүксүз чыга баштаган.
1958-жылы С.Урмамбетовдун «Жел кеме» аттуу биринчи ырлар жыйна-гы жарыкка чыгат.
Анын бир канча ырлар, поэмалар жыйнактары кыргыз, орус тилинде жарык көргөн. Орус тилине которулган ырлары жергиликтүү жана борбор-дук басма сөздөрдө жарыяланып турган.
Ал Генрих Гейненин, Алишер Навоинин, Роберт Бернстин, Расул Гамзатовдун, Кайсын Кулиевдин ырларын кыргызчага которгон.
С.Урмамбетов 1958-жылдан СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Жел кеме. Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1959. – 190 б.

Көлдүн таңы. Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 145 б.

Жаңы ырлар. Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1963. – 181 б.

Too бүркүтү. Поэма. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1965. – 77 б.

Адам жана табият. Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1967. – 176 б.

Акын жана кыз. Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1970. – 169 б.

Жаңырык. Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 173 б.

Жаңырык: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 99 б.

Менин дүйнөм: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 80 б.

Жер сүйлөйт: Ырлар, поэмалар, либретто. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 120 б.

Ашуу: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 240 б.

Ойчул бала: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1986. – 24 б.

Жарык дүйнө: Ырлар, поэма, либретто. – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 128 б.

Орус тилинде

Светотень. Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 183 б.

Озеро и горы: Стихи и легенды. – Ф.: Мектеп, 1978. – 83 с.

К родимым берегам: Стихи, поэмы. – Ф.: Адабият, 1990. – 144 с.