Уруктануу

Википедия дан


Уруктануу - өсүмдүк, жаныбар жана кишиде эркек жана ургаачы жыныс клеткаларынын - гаметалардын кошулуп, зигота пайда кылуусу.

Натыйжада зиготадан жаңы организм өөрчүйт. Уруктануу жыныстык көбөйүүнүн негизин түзүп, тукум куума белгилердин кийинки тукумга берилишин камсыз кылат. Өсүмдүктөрдө өзүнөзү уруктандыруу эркек жана ургаачы гаметалар бир эле өсүмдүктөн, кайчылаш Уруктанууда бул клеткалар (гаметалар) башка өсүмдүктөрдөн келет. Өсүмдүктөрдө жыныс клеткалар атайын органдарында - гаметангелийлерде калыптанат. Бир клеткалуу жаныбарлар менен жөнөкөй түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн Уруктануусу өтө жөнөкөй болот. Аларда гаметалар калыптанбайт, жөн гана эки организм (гомогамия, плазмогамия) же алардын дене бөлүктөрү кошулат, же бир клетканын протопласты экинчи клеткага өтөт (коньюгация). Бактериялар менен көк жашыл балырларда жыныстык көбөйүү болбойт. Калган өсүмдүктөргө Уруктануунун үч түрү (изогамия, гетерогамия, оогамия) мүнөздүү. Формасы жана чоңдугу жагынан айырмаланбаган кыймылдуу эки гамета кошулса изогамия, кыймылдуу, бирок, бири экинчисинен чоң (чоңу ургаачы, кичинеси эркек) гаметалар кошулса гетерогамия, ал эми ири жана кыймылсыз ургаачы гамета (энелик клетка) менен кичине жана кыймылдуу эркек гамета (сперматозоид) кошулса оогамия деп аталат. Уруктуу өсүмдүктөрдө Уруктануу чаңдашуудан кийин гана жүрөт. Жаныбарларда ички жана сырткы Уруктануу белгилүү. Кургакта жашоочу курт-кумурскаларда, сойлоочуларда, куштарда Уруктанууургаачынын организминин ичинде, кишиде демейде жатын түтүгүндө жүрөт. Көпчүлүк балыктарда, жерде-сууда жашоочуларда, көпчүлүк сууда жашоочу омурткасыздарда Уруктануу сыртта болот. Булардын ургаачылары энелик клеткаларын (икрасын) сууга таштайт, эркектери аларга уругун чачат. Уруктануунун аралык түрү сырткы-ички Уруктанууда байкалат. Бул учурда эркектери уруктук суюктугун сырткы чөйрөгө, субстратка ж. б-га таштайт, аны ургаачысы өздөрү алып кетет. Уруктануунун мындай түрү топуракта жашоочу көпчүлүк муунак буттууларга, куйруктуу амфибияларга мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4