Уруктуу өсүмдүктөр

Википедия дан
Welwitschia mirabilis.

Уруктуу өсүмдүктөр, сперматофиттер (Spermatophyta) - урук пайда кылуучу татаал түзүлүштүү өсүмдүктөр.

Уруктуу өсүмдүктөргө жылаңач уруктуулар жана жабык уруктуулар же гүлдүү өсүмдүктөр кирет. Айрым татаал түзүлүштүү риниофиттер, мамык чөптөр, плаун сымалдар, кырк муундар жана папоротниктер урук пайда кылбайт. Уруктуу өсүмдүктөдүн (өзгөчө жабык уруктуулардын) гаметофити (жыныстык мууну) жок болуп кеткендиктен, алар спорафитте өөрчүшөт. Уруктуу өсүмдүктөр эволюциялык өөрчүүсүнүн натыйжасында споралуу өсүмдүктөрдөн пайда болгон. Алардын биосферада жана адам турмушунда мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4