Мазмунга өтүү

Урусов Руслан Мухтарович

Википедия дан

Урусов Руслан Мухтарович (14. 12. 1955-ж. т., Фрунзе) - физик, физика-математика илимдин доктору (2002). проф. (2008). КМУну бүткөн (1978).

КРдин Респ. окуу жайлар аралык эсептөө борборунда инженер-математик, улук математик-программист, улук инженер-программист, топтун башчысы, Маалымат жана маалыматтык технологиялар институтунда башкы адис болуп иштеген. 1996-жылдан Физика-тех. маселелер жана материал таануу институтунда бөлүм башчы. Плазманын электр жаа агымын сандык моделдештирүү боюнча адис. 90дон ашык илимий эмгектин, а. и. 2 монографиянын автору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4