Усеев, Нурдин Качкынович

Википедия дан

Нурдин Качкынович Усеев (Nurdin Useev; 1982) - кыргыздын заманбап булак таануучу, тарыхчы, түрколог, чыгыш таануучу илимпоздорунун бири, түркология доктору (PhD).

Кыскача өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нурдин Усеев 1982-жылы Ысык-Көл облусунда жарык дүйнөгө келген. 1999-жылы Коңур-Өлөң орто мектебин аяктагандан кийин Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Түркология бөлүмүнө өткөн. 2004-жылы бакалавр программасын бүтүрүп, ушул эле унверситеттин түркология адистиги боюнча магистратурасына тапшырган. Тил багытындагы магистратура программасын 2006-жылы аяктаган. Ошол эле жылы тил багытындагы докторантура программасына кабыл алынып, бир жылдык сабак программасын аяктагандан кийин, “Енисей жазма эстеликтеринин тилинин синтаксиси” деген темада доктордук диссертациясын жаза баштаган. Докторлук ишин 2009-жылдын июнь айында жактап, түркологиянын доктору (PhD) илимий даражасын алган.

Эмгек жолун 2005-жылдын май айында Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Тил илими институтунда кенже илимий кызматкер болуп баштаган. 2006-жылдын май айында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Түркология бөлүмүнө ассистент катары кызматка кирген. 2009-жылдын сентябрь айынан бери аталган бөлүмдө ага окутуучу катары эмгектенип, 2013-жылдын сентябрь айында доценттин милдетин аткаруучу болгон. Ушул тапта Казакстандагы Эл аралык Түрк академиясында эмгектенип жатат.

Илимий иштеринин темасын байыркы кыргыз-түрк жазма эстеликтери, “Манас” эпосу, Орхон-Энесай жазма эстеликтери менен “Манас” эпосунун ортосундагы окшоштуктар жана кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын тили түзөт. Бул багытта Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө жарыяланган 100 дөн ашык илимий эмгеги бар.

Кыргызстан, Казакстан жана Түркияда чыккан бир канча илимий журналдардын редакциялык кеңештерине кирген Нурдин Усеев 2020-жылы Түркиядагы Түрк тили уюмунун (академиясынын) корреспондент-мүчөсү болуп шайланган.

Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын (илим жана жаңы технологиялар номинациясы) лауреаты.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй бүлөлүү, бир уул, бир кыздын атасы.

Түркологияга кошкон салымдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимий иштеринин темасын байыркы түрк (руникалык) жазма эстеликтери, анын ичинен, өзгөчө, кыргыз элине таандык болгон Енисей жазма эстеликтери, кыргыз тилинин диалектилери жана кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын тили түзөт. Бул багытта 100 дөн ашык эмгеги бар. 2010-жылы жарык көргөн “Сөз сырлары: тарыхый лексикологияга кириш” аттуу илимий-популярдуу китептин, 2011-жылы жарыяланган “Енисей жазма эстеликтери I: лексикасы жана тексттер” деген илимий монографиянын автору. “Орто Азиядагы байыркы түрк жазма эстеликтеринин изилдениши”, “Түштүк Сибирдеги байыркы түрк жазма эстеликтеринин изилдениши” аттуу илимий долбоорлордун алкагында Кыргызстан (2005, 2012), Казакстан (2005), Россия (2012) жана Монголияда (2011) жүргүзүлгөн эпиграфикалык илимий экспедицияларга катышкан. Жогоруда белгиленгендей Нурдин Усеев байыркы кыргыздарга таандык болуп эсептелген Енисей жазма эстеликтеринин тексттерин туура окууга аракет кылып келүүдө. Мисалы, Барс Бек кагандын толук ысымы болгон Элиг Бөрт Опа Барс адам атындагы бөрт сөзүнүн орто жаш деген мааниге келе турганын Чүй боюнда жазылып алынган Манастын бир вариантында учураган "Катагандын карт Манас, Бөкөй хандын бөрт Манас, Жакып хандын жаш Манас" деген саптардын жардамы менен аныктап, Элиг Бөрт Опа Барс адам атынын "элүү орто жаштагы күчтүү барс" деген маани бере турганын тактап чыккан.

Эмгектеринин кыскача тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Китептери
  • 1. Сөз сырлары: тарыхый лексикологияга кириш, Бишкек, 2010, 126 бет
  • 2. Енисей жазма эстеликтери I: лексикасы жана тексттер, Бишкек, 2011, 724 бет
  • 3. Altay Cumhuriyeti’ndeki Eski Türk Yazıtları Albümü, (Kadıralı Konkobaev, Negizbek Şabdanaliev ile birlikte), Uluslararası Türk Akademisi, Astana, 2015, 368 sayfa
  • 4. “Манас” эпосу жана Орхон-Энесай жазма эстеликтери I: тилдик окшоштуктар менен каармандар параллели, КР Президентине караштуу Улуттук мамлекеттик тил комиссиясы, КТМУ, 2017, 291 бет
  • 5. Энесай жазма эстеликтеринин түшүндүрмө сөздүгү жана лексика-статисткалык анализ, Стамбул, КТМУ, Кесит, 2020, 197 бет
  • 6. Кыргыз кагандыгы (VII-IX кк.) жазма эстеликтери I: лексикасы жана тексттер, Бишкек, КТМУ, 2022, 678 бет
  • 7. Кыргыз кагандыгы (VII-IX кк.) жазма эстеликтери II: тили жана тилдик дүйнө бейнеси, Бишкек, КТМУ, 2022, 584 бет
  • Макалаларынын айрымдары
  • 1.Esizime mi, Sizime mi? Atatürk Üniversitesi Türkiyat Araştırmaları Enstitüsü Dergisi., (34), Erzurum 2007, s. 1-8.
  • 2.Talas’da Yeni Bulunan Eski Türk Yazıtı, Atatürk Üniversitesi Türkiyat Araştırmaları Enstitüsü Dergisi, (41), 2009, s. 17-24
  • 3.Boyu Belirtilen Köktürk Harfli Yazıtlar, Turkish Studies, 2010, Sayı 5, s. 1516-1521
  • 4.öktürk Harfli Yazıtları Okumada Halk Edebiyatı Eserlerinin Önemi (Kırgız Destanları Örneği İle), Modern Türklük Araştırmaları Dergisi, Cilt 8 , sayı 2 (Haziran 2011), s. 145-151
  • 5.Y 81 Yazıtı Üzerinde Okuma ve Anlamlandırma Önerisi ya da Eski Türklerde Armağan Etme, Hediyeleşmenin Bir Türü, Uluslararası TEKE Türkçe, Edebiyat, Kültür Eğitim Dergisi, sayı 1 (Mart 2012), s. 36-41
  • 6.Köktürk Harfli Yenisey Yazıtlarındaki Kadını Bildiren Kelimelerin Anlamına Göre Eski Türklerde Kadın İmajı, Dil Araştırmaları, Sayı 11 (Güz 2012), s. 57-66
  • 7.Elegeşt I (E 10) Yazıtının 5. Satırı yada Köktürk Harfli Yenisey Yazıtlarında Devlet ve İktidar Simgeleri, Uluslararası TEKE Türkçe, Edebiyat, Kültür Eğitim Dergisi, sayı 4 (Aralık 2012), s. 11-19
  • 8.Кайрылуунун сылык формасында көптүк сандын орду жана мааниси, Кыргыз-Түрк Манас Университети, Коомдук илимдер журналы, (21), Бишкек, 2009, 191-197-беттер
  • 9.Кыргызстандагы байыркы түрк жазма эстеликтери, БГУ Вестник, (9), Бишкек 2007, 111-115
  • Илимий докладдарынын айрымдары
  • 1.Yenisey Yazıtlarında Geçen Kişi Adları ve "Er At" - "Oglan At" Sözcük Öbekleri, II. Büyük Türk Dili Kurultayı (Ihsan Doğramacıya Armağan, Bişkek 2007, 25-30 Eylül) Bildirileri, Ankara, 2007, s. 159-164
  • 2.Yenisey Yazıtlarındaki Acınma Ünlemleri, VI. Uluslararası Türk Dili Kurultayı Bildirileri, Türk Dili Kurumu, Ankara 2008, 20-25 Ekim, s. 4405-4415
  • 3.Kırgız Türkçesi Ağızlarında Köktürk Harfli Yazıtlara Ait Söz Varlığı, I. Uluslararası Uzak Asya’dan Ön Asya’ya Eski Türkçe Bilgi Şöleni, Afyon Kocatepe Üniversitesi, Çağdaş Türk Lehçeleri ve Edebiyatları Bölümü ve Türk Dili Kurumu, Afyon Karahisar, Türkiye, 18-20 Kasım, 2009, I. Uluslararası Uzak Asya’dan Ön Asya’ya Eski Türkçe Bilgi Şöleni Bildirileri, Afyonkarahisar, 2010, s. 281-296
  • 4.Hemçik-Çırgaakı Yazıtı Üzerinde Yeni Okuma ve Anlamlandırma Teklifleri, Ötüken’den İstanbul’a Türkçenin 1290 Yılı (720-2010) Sempozyumu From Ötüken to Istanbul, 1290 Years of Turkish (720-2010) 3-5 Aralık 2010, İstanbul / 3th-5th December 2010, İstanbul 2011, s. 379-396
  • 5.Köktürk Harfli Altay Yazıtlarından Yabogan (A 80) Yazıtı, ‘Türk Kültürünün Gelişme Çağları: Başlangıç ve Yazıtlar Çağı’ Uluslararası Toplantı, Ulanbator, Moğolistan, 15-16 Ağustos, 2011

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]