Устачылык, узануу

Википедия дан

Устачылык, узанууэлдик кол өнөрчүлүктүн бир тармагы. Устачылык мал чарбалыкка, дыйканчылыкка кошумча өнөр катары өнүгүп, үй-бүлө, урук-тууган жана кардарлардын тиги же бул буюмга керектөөсүн канааттандырган. Устачылыктын негизги багыттары – жыгач уста, темир уста, зергерчилик, өрүмчүлүк, мүйүзчүлүк, тери иштетүү, таш чегүү жана башка устачылык буюмдун жердигин (өзүн) гана жасабастан ага кооздуктарды, жогорку көркөмдүктөгү оймо-чиймелерди түшүргөн. Ар бир багыттагы устачылыктын өзүнө мүнөздүү шаймандары, аспаптары болгон. Устачылыкта шакирт күтүү кеңири тарап, көпчүлүк убакта атадан балага өткөн.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]